.Вакансиялар Жарманкесинин жыйынтыгы
Мына ушундай студенттерге жана компанияларга бири-бири менен байланышуу жана кызматташуунун ачык шарттарын түзүп, вакансиялар жарманкесин өткөргөн Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана АрхитектураУниверситети 2014-жылдын 23-майында, КМКТАУнун биринчи кабатындагы фойеде жайгашкан компанияларга ыраазычылыктарын билдирүү менен таанышууларды баштады.
Жыйынтыктоочу макала
Бишкек шаарынын белгилүү чоӊ компаниялары, банк жана турфирма менен түрдүү ишканалары КМКТАУга студенттик жарманкеге жаш, демилгелүү кадрларды тандап алууга келишти. Компанияларда иш орундар жетишсиз жана Кыргызстанда акчасыз жана таанышсыз ишке орношуу мүмкүн эмес деген тенденция күч алып келгени менен чакырылган компаниялар чыныгы мыкты кадрлар дайым дефицит деген ойдо ачык вакансиялары менен жарманкеге активдүү катышып келишкен.
5 жыл бою бухгалтердик учетту окуп бүткөн Айгерим Сыдыкова болсо, жармакедеги компанияларда суйлөшүүлөрдү өтүп бөткөн соӊ, анын тажрыйбасы жок болгонуна карабастан компания өкүлдөрү түшүнүү менен мамиле кылып, өз ишчилерин өздөрү окутуп алууга даярдыктары болгон компанияларды таанып билип кубанганын белгиледи.
Мына ушундай студенттерге жана компанияларга бири-бири менен байланышуу жана кызматташуунун ачык шарттарын түзүп, вакансиялар жарманкесин өткөргөн Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана АрхитектураУниверситети 2014-жылдын 23-майында, КМКТАУнун биринчи кабатындагы фойеде жайгашкан компанияларга ыраазычылыктарын билдирүү менен таанышууларды баштады.
Ар бир компанияга ректор А.Абдыкалыков жана аталган Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбеков кош келиӊиздер деп, бул кызматташтыктын башталышын белгилеп кол алышып жатышты. Ошондой эле жетекчилер менен коноктор КМКТАУнун музейин кыдырууда, чындыгында бул ЖОЖдын таланттуу студенттери бар экендигине жасалган архитектуралык жана инновациялык эмгектерди көрүп суктанышты.
Андан соӊ «Практикага багытталган окутуу системасын ишке ашырууда жана бүтүрүүчүлөрдү орноштурууда КМКТАУ менен жумуш берүүчүлөрдүн кызматташтыгы» деген темадагы тегерек столдун ачылышын болуп, министрликтердин кадр маселелерин кароочу бөлүмдөрдүн, бизнес структуралардын өкүлдөрү, жалпысынан 150 адам катышты. Ачылышта ректор А.Абдыкалыков КМКТАУнун жетишкендиктерин айтып, кийинки сөздү А.Салымбековго узатты. Аскар Мааткабылович, жалпы жумушсуздук маселели жана ЖОЖлардын бүтүрүүчүлөрүнүн иш орундары менен камсыз боло албай чет тараптарга кетип, акыл тирегибиздин агып кетүүсү тууралуу кыскача айтты. Биргелешкен аракеттер жана куру сөз эмес, конкреттүү иш-чаралар бул маселелерди чечүүгө алып келерин белгилеп, ЖОЖлар менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана бир системага салуу керектигин айтып, КМКТАУ менен Прогрессивдүү Демилгелер Фондусу ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюшту. Бул тенденциянын алгачкы кадамы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде ташталса, экинчи кадам бул жарманкеде КМКТАУ менен болду.
Фонд дайым жаштардын келечеги үчүн жана алардын интеллектуалдык жана башка потенциалын өстүрүүчү бардык аракеттерге умтулуп турат жана бул кызматташтык меморандумдар бул максаттын далили болуп саналат.
Албетте, вакансиялар жарманкесинин форматы баарына маалым, бирок студенттердин өзгөчө даярдык жана иш-таржымалдары (резюмелери) менен келишкени компанияларды таӊ калтырса (анкеталарда белгиленгендей), студенттерге компаниялардын өкүлдөрүнүн профессионалдуулугу, ачыктыгы жана сылыктыгы катуу таасир калтырган (анкеталарда белгиленгендей). Ошондой эле студенттер үчүн уюштурулган акысыз тренингдер да өзгөчө маанайды жана демди жаратты. Коомдук мектеп "Кыргызстандын жаш лидерлери" жаштарга абдан жагып, кызыгууларын арттырды.
Албетте, жармакедеги резюмелердин топтолушу жана сүйлөшүүлөрдүн болушу студенттредин шексиз иш менен камсыз болушу деген эмес, бирок бул жарманкеде таза тандоо – компаниялардын мыктыларды тандап алуу процесси болду.
ОсОО «РПК Армада» |
ОсОО «Нуристан» |
ОсОО «Компания Площадь» |
ОсОО «Kyrgyz Concept» |
ОсОО "Компания ЕвроСтиль"/ТехМашСервис |
ЦПКи ДО МУИТ |
ООО Sky Mobile (ТМ Beeline) |
ИСИТО |
ОсОО «Bishkek Business School» |
ОсОО «Infox» |
ЗАО «Coca Cola Bishkek Bottlers» |
Молодежная биржа труда при министертсве труда, миграции и молодежи. |
Агентсво недвижимости «Аббат» |
ОсОО «Имарат Строй» |
ОсОО «Человеческие ресурсы» |
ОсОО «Кыртелсат» |
ЗАО «Кыргызинстрах» |
ДЖИС мэрии г.Бишкек |
ОАО «Завод Айнур» |
Жогоруда белгиленге компаниялардын ар бири 3-4 ачык вакансиялары менен келип, ар бирине 30-40 студент кызыгуу менен келип жатышты, жалпысынан 1000дей иш издеген жаштар келди.Суроолорун сурап, анкеталарын толтуруп, резюмелерин таштап жатышты. Ар бир компания орто эсеп менен 5-10 резюмеге чейин топтоп, кийинки суйлөшүү жана тесттерге чакырмай болушту. Өзгөчө ОсОО «Kyrgyz Concept» жана ООО Sky Mobile (ТМ Beeline) 15тен көп контактылардын базасын чогултуп алышты.
Ал эми компаниялар толтуруп таштап кеткен анкеталар боюнча, жарманке жогорку деӊгээлде уюштурулуп, абдан чоӊ көӊүл бурулуп, маалыматтык жарыялар жакшы жеткирилип, студенттер даярдык менен ар түрдүү ЖОЖлардан келгендигин белгилешкен. БГУ, КУУ, БФЭТ, Арабаев атындагы университеттен, Чыгыш университетинен жана КЭУ менен КМКТАУнун институттарынын акыркы курстагы, ар башка багыттагы студенттери катышышты. Анкетада кийинки жылкы масштабдуу жарманкеге сөзсүз катышууга даярдыктарын дээрлик бардык компаниялар баса белгилешсе, каалоо-тилектери ар түрдүү жазылган: Ийгилик, өсүү-өнүгүү жана бардык ЖОЖлардын студенттерин бул борборго топтоону каалып кетишет.
Жалпысынан катышуучу-компания, катышуучу-студент жана уюштуруучулар призмаларынан караганда бардык ийгилик жана кемчиликтер эске алынды. КМКТАУ менен Фонддун биринчи кызматташтыгы абдан жемиштүү болду жана кийинки жылы улануучу масштабдуу вакансиялар жарманкеси дайым ушул КМКТАУда жогорку деӊгээлде өткөрүлүп, бардык ЖОЖлар жана компаниялар умтулуучу борбор болуп калат деп ишенебиз.
Добавить комментарий