26-февральда Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков жана Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов менен ЖОЖлардагы студенттик кеңештердин президенттеринин жолугушуусу өткөрүлдү.
26-февральда 2014-ж. Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков жана Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов менен ЖОЖлардагы студенттик кеңештердин президенттеринин жолугушуусу өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, ушул жылдын биринчи чейрегинде Прогрессивдүү Демилгелер Фонду эки долбоор баштады, алар: жаңы татыктуу муунду тарбиялоо максатында түзүлгөн “Кыргызстандын Жаш элитасы” коомдук мектеби жана өлкөнүн жаш патриоттор, активисттер жана энтузиасттарын бириктирүү багытында иштеп жаткан “Ак Дил” айкөлдүк кыймылы.
Буга чейин эки долбоор боюнча ПДФ Бишкектеги ЖОЖлардын студенттерине презентация өткөзгөн. Ал эми 26-февральда ЖОЖлардагы студенттик кеңештердин президенттерине Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү жана башкы мүдүрү менен жолугуп, суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Жолугуунун жүрүшүндө Кыргызстандын билим берүү маселеси, жаштардын өркүндөөсү, алардын лидерлик сапаттары, өз мүмкүнчүлүктөрүн артууга болгон кызыкчылыктары тууралуу жана “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектеби аркылуу эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоо боюнча Аскар Салымбековго суроолор берилип, ал жаштарга так жооп берип жана жардам берүүгө даярдыгын белгиледи. Мындан сырткары Аскар Салымбеков жаштар, өзүнүн кубаттуу потенциалын өлкөнүн өнүгүүсүнө, мамлекеттүлүктүн бекемдешине колдонуп, “Ак Дил” айкөлдүк кыймылына” кирүү мүмкүнчүлүгүн айтып берди. Жолугуунун соңунда студ. кеңештердин президенттери Фонддун негзидөөчүсү жана башкы мүдүрүнө суроо берүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Фото галерея
Добавить комментарий