А. Жумадиловдун № 87 «Келечек» орто мектебинин окуучулары менен жолугушуусу
2015-жылдын 11-февралында жогоруда аталган мектептин 8-классынын окуучулары менен «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов менен уюштурулду.
Борборубуздун № 87 «Келечек» орто мектебинин мугалимдери окуучулардын аң-сезимин жогорулаттуу максатында, 9-12-февралга чейин «Илим жана техника» жумалыгынын алкагында мамлекеттик мекемелер, окуу жайлары, мамлекеттик эмес уюмдар, бизнес чɵйрɵсү менен окуучулары арасында жолугуушуу уюштурууда. Себеби, мындай жолугушуулар окуучулардын келечекке карай туура багыт алып, бир адситтиктин татыктуу ээси болуусуна шарт түзɵт. Аталган жолугушуулардын бири, 2015-жылдын 11-февралында жогоруда аталган мектептин 8-классынын окуучулары менен «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов менен уюштурулду.
Фонддун мүдүрү, алгач Фонддун ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат берип, мектеп окуучуларына акыл-насаатын айтып, кеңештерин берип кетти. Жолугушууда билим ата-энеге же мугалимдерге эмес татыктуу жашап, мамлекетке салым кошуу үчүн окуучулардын ɵздɵрүнɵ керек экендигин айтып, андыктан убакыт жана мүмкүнчүлүктɵрдү туура пайдаланууга чакырып ɵттү. Андан соң суроо-жоопко ѳтүлүп, окуучулар кызыккан суроолорун берип толук маалымат ала алышты.
Соңунда, Амангелди Жумадилов жолугушууну уюштурган мугалимдерге ыраазычылык билдирүү менен бирге, окуучуларды алга умтулууга, талыкпай терең билим алууга, тартиптүү болууга чакырып кетти. Ал эми жолугушуунун уюштуруучулары убактысын бѳлүп келип, баалуу маалыматтарды жана окуучуларга дем-күч бергендиги үчүн терең ыраазычылк билдирип, Фонддун ишине ийгиликтерди каалап кеттишти.
Фонд, бул жолугушуу, окуучулардын жүрѳгүнѳ кандайдыр бир алдыга умтулууга сезимдерди калтырды деген үмүттѳ.
Добавить комментарий