«Агартуу лигасы-2015» долбоору эми Кыргыз-Түрк Манас университетинде
Программадагы башка тренингтер Кыргыз-Түрк Манас университетининде 2-февральга чейин 2 сменада ѳткѳрүлүп турмакчы.
2015-жылдын 30-январында коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрүнүн «Агартуу лигасы-2015» долбооруна, Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттеринен келип түшкѳн кайрылуулардын негизинде, 2 сменада «Лидерлик сапатыңды ѳркүндѳт» жана «Алга умтулуу» аттуу тренингтерин ѳткѳрүп келишти. Катышуучулар бул тренингтерден лидер болуу үчүн кандай болуу жана кантип алга умтулуу керек? ж.б. кызыктуу маалыматтарды ала алышты. Программадагы башка тренингтер Кыргыз-Түрк Манас университетининде 2-февральга чейин 2 сменада ѳткѳрүлүп турмакчы.
Ушул эле күнү башка топ Кыргыз экономикалык университетинде «Чечендик ѳнѳр» тренингин ѳткѳрүп, лидерлер эл алдында ийгиликтүү чыгып сүйлѳѳ боюнча бир нече ыкмаларын үйрѳтүүгѳ аракет кылышты. Катышуучулар кызыгуу менен угуп, суроолоруна пайдалуу жооп алышып, аягында жаш тренерлерге ыраазычылыктарын билдирип, дагы да тренинг ѳтүп берүүлѳрүн суранышты. КЭУда акыркы тренинг 2-фераль күнү ѳткѳрүлѳт.
Добавить комментарий