«Агартуу лигасы» долбоору Бишкек шаарындагы медициналык колледжинде
Коомдук мектептин 2014-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн «Агартуу лигасы» долбоору уланууда.
Коомдук мектептин 2014-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн «Агартуу лигасы» долбоору уланууда. Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Бишкек шаарындагы медициналык колледжинин студенттерине «Убакытты туура пайдалануу» жана «Финансылык сабаттуулук» темаларында тренинг өткөзүп келишти. Студенттерге тренингтер абдан жакканын жана кайрадан келип башка тренингтерди да өткөзүп берүүлөрүн суранышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Ушул эле күнү Фонддун алдында түзүлгөн «Ак Дил» жаштар кыймылынын офисинде да, Фонддун интернет баракчаларындагы жарыя аркылуу жазылган катышуучуларга, «Лидерлик сапатыңды өркүндөт» аттуу тренинг өтүлдү. Катышуучулардын арасында окуучулар, студенттер жана жеке ишкерлер да болду. Тренинг кызыктуу оюндар менен коштолуп, бири-бири менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, кийинки тренингге да калбай келээрин билдиришти.
Добавить комментарий