"Агартуу лигасы" долбоору Жумгал районунда
18-январь күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылынын орто мектебинде "Агартуу лигасы" долбоорун 3 күндүк акысыз тренингдерге ийгиликтүү катышкан окуучуларга сертификаттар тапшырылды.
18-январь күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылынын орто мектебинде "Агартуу лигасы" долбоорун 3 күндүк акысыз тренингдерге ийгиликтүү катышкан окуучуларга сертификаттар тапшырылды. Аталган долбоорго 8-11-класстын окуучулары катышышып, жыйынтыгында ар биринин көзүнөн от жанып, активдүү болуп, алга умтулууга аракет жасап баштагандары жана окуучулардын биригип, ынтымактуу болуп калганы көрүнүп турду. Соңунда ушундай тренингдерди уюштуруп жаткан фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбековго терең ыраазычылыктарын билдиришти. Андан тышкары Кыргызстандын жаш лидерлери коомдук мектебинин бүтүрүүчүлөру, жаш тренерлер Кулчунов Мирбек жана Жантаева Тоняга ыраазычылыктарын билдиришти. Бул долбоорго катышкан окуучулар алган билимдерин мындан ары толук камдуу колдоно алат деп ишенебиз.
Добавить комментарий