“Агартуу лигасы” долбоорунун эки айлык жыйынтыгы чыгарылды
Эки айдын ичинде жаш агартуучулар 10дон ашык ЖОЖдордо, бир нече мектептерде бир жумалык атайын заманбап тренингтерди ɵткɵрүп, жаштарды максат коюп келечекке умтулууга, мүмкүнчүлүктɵрүн туура колдонуп ийгиликтүү инсан болууга, талыкпай аракет кɵрүүгɵ чакырып ɵтүштү.
Талыкпас эмгек артынан гана, бактылуу келечекти түзүү мүмкүн. Андыктан, “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин жаркыраган келечекти курууга умтулган бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулган “Агартуу лигасы” долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын ЖОЖдорунда жана орто мектептеринде тренингтер өтүлүүдө. Акыркы эки айдын ичинде (феварь, март) жаш лидерлер бул долбоорду ишке ашырууда жигердүү аракет жасап, жакшы жетишкендиктерди багындырышты.
Эки айдын ичинде жаш агартуучулар 10дон ашык ЖОЖдордо, бир нече мектептерде бир жумалык атайын заманбап тренингтерди ɵткɵрүп, жаштарды максат коюп келечекке умтулууга, мүмкүнчүлүктɵрүн туура колдонуп ийгиликтүү инсан болууга, талыкпай аракет кɵрүүгɵ чакырып ɵтүштү.
Чын жүрɵктɵн ишке ашып жаткан бул аракеттерди колдоо максатында 2015-жылдын 14-мартында “Ак Дил” жаштар кыймылынын офисинде жаш тренерлер менен “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фондусунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадиловдун жолугуусу болуп өтүп, бул жолугуу учурунда өткөн эки айдын жыйынтыгы чыгарылды. Жаш тренерлердин арасынан ийгиликтер менен айырмалангандарына “Эң мыкты тренер”, “Эң жакшы уюштуруучу”, “Эң мыкты волонтер”, “Эң мыкты идея” жана “Ак Дил” аттуу номинациялар боюнча Ардак грамоталар тапшырылды. Акырында Фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов жаш тренерлерге жасап жаткан мындай жаратман иштери жаштар, коомубуз үчүн, ошондой эле бул аракеттерди кылып жаткан ɵздɵрү үчүн дагы чоң мааниге ээ экенин айтып, мындан кийинки иштерине ийгилик каалап кетти.
Добавить комментарий