“Ак Дил” айкөлдүк кыймылынын кезектеги иш чарасы
Фонд 19-мартта масштабдуу долбоордун, “Ак Дил” айкөлдүк кыймылынын, жаш ыктыярчыларды социалдык тармакка арналган жаратман демилгелерге чакыруу жана мындай ишмердүүлүктү жайылтууну каалган командалардын биримдик кыймылынын бетачарын жасаган эле.
Фонд 19-мартта масштабдуу долбоордун, “Ак Дил” айкөлдүк кыймылынын, жаш ыктыярчыларды социалдык тармакка арналган жаратман демилгелерге чакыруу жана мындай ишмердүүлүктү жайылтууну каалган командалардын биримдик кыймылынын бетачарын жасаган эле. Жаш, энергиялуу, патриот жана коомго пайда алып келүү максатын көздөгөн жаштар, өз ЖОЖдорунда команда түзүп, дос күтүп бул кыймылдын мүчөсү болушкан эле.
Ыктыярчылардын көптөгөн эмгектеринин жыйынтыктары менен, кубанычыбыз менен дайым бөлүшүп келүүөбүз.
Бул жолу дагы бир ийгиликти айткыбыз келет. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана «Ак Дил» кыймылынын жаштары менен биргеликте Чүй облусунун Москва районунун Петровка интернат-мектебине мектепти курчаган 25 метрлик евродубалга керектелүүчү каражат жардам катары көрсөтүлгөн эле.
9-октябрда мектеп бул дубалдын бүтүшүнө жана ачылышына Фондун өкүлдөрүн чакырган эле. Аткаруучу директор Эсенгелди Жумадилов баштаган жамаат ачылышка катышып, 25 эмес, 50 метрлик мектепти курчаган дубалдын курулуп бүтүшүнө жана сапатына күбө болуп келишти. Албетте башка бирөө үчүн бул жөн гана евродубал болсо, интернат-мектеп үчүн бул баларды коргоонун эң ишенимдүү жолу. Себеби балдардын абалына ылайык ар түрдүү коопсуздукту сактоо алгачкы орунда турган.
Жасай турган иштерди сөз менен эмес, иш менен далилдөө – «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун негизги максаты болуп, “Ак Дил” кыймылынын да негизги принциби болуп кала бермекчи.
Фонд мындай кызматташтыктарды мындан ары дагы улантып бекемдейт, ошондой эле жаңы кызматташтыктарды да түзүүүгѳ умтулат. Бул үчүн коомубуздагы жаратман инсандарга ак дилден колдоо көрсөтүп, жаш-кары дебей баарына ишенич жаратуу зарыл. Мына ушул ары олуттуу, ары жоопкерчиликтүү милдетти Фонд жана “Ак Дил” ыктыярчылары аркалай бермекчи.
Добавить комментарий