«Ак Дил» офисинде «Агартуу Лигасынын» 2015-жылдагы алгачкы жыйынтыктары чыгарылды.
Жыйында ошондой эле «мыкты тренер», «мыкты уюштуруучу», «мыкты ыктыярчы», «мыкты акыл-дем берүүчү» сыяктуу багыттарда жана тɵрт багытты бириктирген «айдын мыктысы» аныктап туруу чечими дагы кабыл алынды.
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 2014-жылдагы бүтүрүүчүлөрү «Агартуу лигасы» долбоорунун 2015-жылга карата жаңы программасын иштеп чыгып, баштапкы эки жумалык агартуу курстарын ийгиликтүү аякташты. Аталган иш чаралар 2015-жылга максатталып жаткан масштабдуу «Агартуу Лигасынын» алгачкы кадамдары болду. Мына ошондуктан үстүбүздɵгү жылдын 7-февралында «Ак Дил» жаштар кыймылынын офисинде алгачкы жыйынтыктар чыгарылып, келечек иш аракеттер талкууланды. Аталган чогулуш Фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадиловдун катышуусу менен ɵттү. Чогулушта Фонддун башкы мүдүрү ɵлкɵбүздүн келечегине кайдыгер карабай, ɵз салымын кошуп, жаштарга дем берип, жаратман нукка буруп, ишеним жана чечкиндүүлүк пайда кылган акысыз заманбап билим берүү курстары үчүн «Агартуу Лигасынын»катышуучуларына ыраазчылык билдирди. Колубуздан келбейт деп, башкаларды карап отурбай ɵз деңгээлинде коом үчүн пайдалуу иш аракеттерди аткарып жаткан жаштардын бул аракеттери сɵзсүз ɵз жыйынтыгын берери дагы айтылды. Жыйында ошондой эле «мыкты тренер», «мыкты уюштуруучу», «мыкты ыктыярчы», «мыкты акыл-дем берүүчү» сыяктуу багыттарда жана тɵрт багытты бириктирген «айдын мыктысы» аныктап туруу чечими дагы кабыл алынды. Мындан башка жыйынга катышкандарга «Ак Дил» жаштар кыймылынын атайын күндɵлүгү тапшырылып, аталган күндɵлүктɵргɵ ак дилден жасалган ар бир пайдалуу иш аракеттерин каттап жазып туруу сунушталды.
Добавить комментарий