“Тамекини момпосуйга алмаштырабыз” акциясы
2014-жылдын 30-майында “Ак Дил” жаштар кыймылынын мүчөлөрү, Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин директору Жунушалиева Н.М. жана университеттердин студенттери менен бирге “Тамекини момпосуйга алмаштырабыз” акциясын уюштурушту.
2014-жылдын 30-майында “Ак Дил” жаштар кыймылынын мүчөлөрү, Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин директору Жунушалиева Н.М. жана университеттердин студенттери менен бирге “Тамекини момпосуйга алмаштырабыз” акциясын уюштурушту.
Акциянын максаты: Жаштардын арасында сергек жашоону пропагандалоо жана аларды тамекисиз позитивдүү жашаганга кызыктыруу.
Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин студенттери жана жаштар кыймылынын мүчөлөрү анык каттамдарга бөлүнүп ушул акцияны ишке ашырышты. Эртең менен саат 10:00дө кыймылдын мүчөлөрү Т. Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын аймагында чогулушуп,тамекилерди Ататүрк Паркы, түштүк дарбазадагы “Жениш” паркы, Эркиндик бульвары жана Жаштардын аллеясы маршруту менен момпосуйларга алмаштырышып жатышты. Иш чаранын соңунда, план боюнча, чогулган тамекилерди элдин алдында өрттөө процесси, тилеке каршы, аба - ырайына байланыштуу жокко чыгарылды. Бирок бул студенттердин жана кыймылдын мүчөлөрүнүн көңүлүн төмөндөткөн жок, себеби ушул сыяктуу акция акыркы болуп эсептелбейт...
Иш чарага 70тен ашык волонтер катышып, “Ак Дил” кыймылынын мүчөлөрү ак футболка, ал эми Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин студенттери көк футболка кийип келишти. Ушундай көк-ак түс, волонтерлордун ачык жана таалайлуу күлүмсүрөөлөрү жана алардын активдүүлүгү, биздин шаарыбыздын тургундары өзүнүн ден соолугуна жанасергек жашоого көңул буруу үчүн механизмди жандырды.Бүгүнкү күндөрдө инсандын ден соолугу медицинанын сапатынан гана эмес,өзүнүн ден соолугунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө байланыштуу эмеспи.
Эгерде индивидтин сезиминде ден соолукту бекемдөөгө мотивациясыжок болсо, оруу пайда болгондо доктурлардын дарылоосу жөнү жокболуп калышы мүмкүн.
Турсуналиева Нуржан долбоор менеджери
Фото галерея
Добавить комментарий