Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Акыл-Тирек 2016

«АКЫЛ ТИРЕК» КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК IV ЖАРЫШЫ 2017-жылы 24-мартта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Прогрессивдүү Демилгелер Фонду менен Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын орток иш аракети катары жүргүзүлгѳн «Акыл Тирек» Кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк IV жарышынын жыйынтыгы менен жеӊүүчүлѳрдү аныктап, сыйлык тапшыруу аземи болуп ѳттү.

«Акыл Тирек» жарышы төрт жылдан бери уникалдуу илимий иштерди аныктап, илимпоздорго мамлекеттеги болуп жаткан илимий жетишкендиктерди жалпы коомчулукка жеткизүүгө мүмкүнчүлүк берип келет. Салтка айланган жыл сайын салтанаттуу аземде жеӊүүчүлөрдү сыйлоо иш чарасы илим жаатындагы бир канча жылдыздардын жанышына себеп болду.  Алардын эмгектери жана изилдөөлөрү мамлекет үчүн абдан маанилүү.  

 «Акыл Тирек» жарышын уюштуруунун максаты улуттук илимди жана илимпоздорду колдоо, илимий-техникалык прогресс жана инновацияларга түрткү берүү, ошондой эле изилдөөчүлөрдүн мамлекеттин илимий-техникалык өнүгүшүнө кошуп жаткан салымдарын баалоо болуп саналат.

 «Акыл Тирек» жарышына катышу үчүн 2016-жылы атуулдарыбыздан 78 билдир мекелип түшкөн. Алардын сунуштаган илимий эмгектеринде жана социалдык-экономикалык багыттагы долбоорлорунда Кыргызстандагы азыркы учурда болуп жаткан ар кандай актуалдуу маселелерди жана кыйынчылыктарды чечүү жолдору сунушталган. 

Жарышка түшкөн иштер эки этаптан турган экспертизадан өткөн. Алгачкы экспертиза Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан жасалып, андан соӊ комплекстик экспертиза Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын эксперттик тобу тарабынан жүргүзүлгөн.  

Жүргүзүлгөн экспертизанын негизинде «Акыл Тирек» жарышынын жеӊүүчүлөрү аныкталып, маанилүү жана кызыктуу эмгектерди сунуштаган жеӊүүчүлөр туурасында кыскача маалыматтар «Акыл Тирек» китебине киргизилген.

Аталган салтанатты Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздѳѳчүсү, белгилүү меценат Аскар Салымбеков расмий түрдѳ ачып берип, аны менен катар, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын Президенти Абдыганы Эркебаев, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын Президиумунун башкы-окумуштуу катчысы Чолпонкул Арабаев, коомдук телерадио корпорациясынын директорунун орун басары Кайрат Иманалиев сыяктуу кѳптѳгѳн кѳрүнүктүү инсандар катышып, аталган жарыштын ѳлкѳбүз үчүн маанилүүлүгүн айтып, жеӊүүчүлѳргѳ  каалоо-тилектерин билдирип кетишти. 

АКЫЛ ТИРЕК" ЖАРЫШЫН ЖЕНҮҮЧҮЛѲРҮ, СЫЙЛЫКТЫН ЛАУРЕАТТАРЫ:

1.     Абдырахманов Тѳлѳбек Абылович – И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Ректору, Мамлекетти эффективдуу башкаруу ресурстарын ачып бергендиги үчүн сыйланды.

2.     Кылычбекова Наргиля Курмангалиевна – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технологиялык  факультетинин илимий иштер боюнча деканынын орун басары, Сүт жана дан буурчактардын негизинде функционалдык тамак-аш азыктарын иштеп чыгуунун жолдорун кѳрсѳткѳнү үчүн сыйланды.

3.     Байгазиев Мирбек Сагымбаевич – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Метрология жана стандартташтыруу» кафедрасынын ага окутуучусу, Тѳѳ бурчак жыйноочу комбайндын конструкциясын иштеп чыккандыгы үчүн сыйланды.

4.     Чолбаева Сагынбүбү Джумабековна – М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин «Финансы жана финансылык контролдук» кафедрасынын башчысы, Мамлекет менен бизнестин шериктештигинин финансылык-насыялык механизмдерин ачып бергендиги үчүн сыйланды.

5.     Турусбеков Сагындык Калыбекович - Кыргызстан Эл аралык университетинин Докторлорду даярдоо бѳлүмүнүн ага илимий кызматкери, Кыргызстанда альтернативалуу, кайра калыбына келуучу энергиянын турлорун онуктуруу жана энергияны аккумуляциялоо жолдорун киргизууну сунуштагандыгы үчүн сыйланды.

 

 

АКЫЛ ТИРЕК" ЖАРЫШЫН ДИПЛОМАНТТАРЫ:

1.     Мамбеталиева Светлана Медетбековна - Бишкек компьютердик системалар жана технологиялар колледжинин директору, Имараттардын элементтерин – профилдик түтүктѳрдѳн турган каркастарды жана фибробетондон турган курчоочу панелдерди басмадан чыгаруучу атайын принтерди даярдоо жолдорун ойлоп чыккандыгы үчүн сыйланды.

2.     Баялиев Алтынбек ЖакыпбековичН.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Механика жана жаратылышты жайгаштыруу» кафедрасынын ага окутуучусу, Инфраструктуралык курулуш иштеринде жогорку мааниге ээ болгон ажыратылма ургучтуу гидромеханикалык ургу балкасын ойлоп тапкандыгы үчүн сыйланды.

3.     Мураталиева Венера Женишбековна – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Физика» кафедрасынын доценти, Волластанит аркылуу кѳмүр кычкыл газдарын азайтуу жолдорун иштеп чыккандыгы үчүн сыйланды.

4.     Алымбеков Кенешбек  Асанкожоевич – М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин «Коммерция, товар таануу жана ресторандык бизнес институтунун» директору, Топоз этин иштетүүнүн илимий жактан негизделген рационалдуу жолдорун кѳрсѳткѳндүгү үчүн сыйланды.

5.     Эсен уулу Кылыч – «Тарых, маданият жана этнография» коомдук фондунун Директорунун орун басары, Энесай жана Алтайдагы кыргыздардын тарыхын жаныча нукта изилдеп , сунуштагандыгы учун сыйланды.

 

 

 

"АКЫЛ ТИРЕК" ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТТАРЫ:

1.      Карабаев Айбек Нурудинович - Кыргыз-Түрк Манас университетинин Айыл-чарба факультетинин “Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү” бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери.

2.      Бровко Наталья Анатольевна - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Экономикалык кафедрасынын профессору.

3.       Насирдинов Асылбек Төлөнович - К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Улуттук аспаптар кафедрасынын улук окутуучусу.

4.      Элеманова Римма Шукуровна – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Консервациялоо технологиясы кафедрасынын доценти.  

5.      Дооранов Алмазбек Пазылбекович - Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин Экономика кафедрасынын доценти.

6.      Батырбекова Жылдыз Касымбековна - Академик Дж.Алышбаев атындагы КРнын улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун улуу илимий кызматкери.

7.      Абдыбеков Азисбек Анарбекович - КРнын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Административдик иштер боюнча проректору.

8.      Дуйшонбаева Астра Такыбаевна - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Органикалык эмес химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын башчысы.

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо