Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Арыба, “Билим ак- кемеси”

Фонд көпчүлүктүн суроо-талабы боюнча коомдук мектептин 3 айлык окуу курсун 70% арзандатуу менен окутууну сунуштады. Аталган иш-аракеттин алкагында борборубуздагы жогорку окуу жайлардан 10 адам катталган.

“Убакыт зымырык учкан куш” - демекчи, коомдук мектеп - билим уясынын III агымынын башталганына бир ай, бир жуманын жʏзʏ болду.

Келечек муунга билим, тарбия берүү, аларды туура жолго багыттоо, рухуна дем, жүрɵктɵрүнɵ жарык ишеним, мекенинин татыктуу инсаны болушуна кɵмɵк кɵргɵзүү эң манилүү иштердин бири. “Уяда жатканда эмнени кɵрсɵ, учканда ошону кылат”- деп бекеринен айтылбаса керек. Бүгүнкү чынар чырпыктай болгон жаштарыбыз - эртеңки күндүн ишеними. Анткени, алар ɵлкɵнүн коомунун маанилүү бɵлүгүн, ɵнүгүүнүнүн үрɵнүн түзмɵкчү. Коом канчалык билимдүү, тарбиялуу, дили таза, акылы зирек болсо, ал коом ошончолук күчтүү, гүлдɵгɵн ɵлкɵгɵ айланмакчы.

Жогоркуда айтылган иш – чараларды кɵздɵгɵн, максатына жеткизүү жана азыркы коомдогу кɵйгɵйлүү маселелерди чечүү үчүн “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фонду, коомдук ишмер, “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков тарабынан негизделген

“Прогрессивдүү Демилгелер Фонду”  коомдук фондунун ири долбоору болгон “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин алкагында, 2014-жылдан бери эки агым ɵткɵзүлүп, 200 жигердүү студенттерди окутуп, аларга сертификаттар тапшырылган.  Ал эми жыл башында коомдук мектептин  III агымына жалпысынан 700дөн ашуун талапкер болуп, алардан 100 адам гана өткөн.

“Эл тараза, эл сынчы” - дегендей, коомдук мектептин максаты, иштери туура жолго коюлгандыгынын натыйжасында, эң жакшы жыйынтык кɵргɵзүп, жаштарыбыз арасында чоң кызыгууларды жаратууда. Кабыл алуу мезгили бүтүп калганына карабай катышууну каалагандардын саны кɵп болгондуктан, “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебине акылуу орундар түзүлдү.

Фонд көпчүлүктүн суроо-талабы боюнча коомдук мектептин 3 айлык окуу курсун 70% арзандатуу менен окутууну сунуштады. Аталган иш-аракеттин алкагында борборубуздагы жогорку окуу жайлардан 10 адам катталган.

Алар эки жумадан бери “Ийгиликтин стратегиясы”, “Чечендик ѳнѳр”, “Тимбилдинг” аталышындагы жана башка кɵптɵгɵн кызыктуу тренингдерге терең талпынуу менен катышып келүүдө. Жаңы кошулган студенттер III агымга бат эле кошулуп, жылуу мамиледе чогуу билим алып жатышууда. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын студенти,  Адилет: “Бул коомдук мектепте өтүлүп жаткан тренингдер абдан пайдалуу жана эффективдүү болууда десем жаңылышпаймын.  Азыр 3 айлык окуу курсуна 4000 сом берилип жатат, чындыгында үч айлык эмес, бир эле  тренингдин  баасы 4000ге барабар экени, биринчи эле тренингтен байкалып турат ” – деп фондго ыраазычылыгын билдирди.

Элибизде айтылгандай: “Жакшы менен жүрсѳң жакшы болосуң, Бакшы менен жүрсѳң бакшы болосуң”,-деген учкул сɵздɵрдɵ чоң маани-маңыз жатат.

“Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фондунун бардык катышуучуларынын арасындагы адамгерчилик, жɵнɵкɵйлүк жана жагымдуу маанайдын негизинде, жаңы кошулган 10 студент  бейкут ʏй-бʏлɵɵгɵ мүчɵ болуп киришти.

Арыба, билим ак-кемеси!

 

 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо