Субрегионалдык конференция өттү
Конференцияны Орто Азиянын Регионалдык Экология Борбору (Казахстан) уюштурду. Орто Азиянын беш мамлекетинин өкүлдөрү (Кыргызстан, Казахстан, Түркменистан, Таджикистан, Өзбекистан), улуттук жана эларалык эксперттер жана мамлекеттик эмес уюмдар, демилге чегинде климат өзгөрүү шартында чарбачылык, суу, токой тармактарындагы адаптациялык тажрыйбаны жана адаптациялык иш-чараларды ишке ашыруу максатында мамлекеттик-жеке кызматташуунун (!) маанисин талкуулашты
25-26 ноябрь 2013 жылы Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун өкүлдөрүн катышуусу менен «Роль государственно-частного партнерства (ГЧП) в адаптационных практиках в сельском хозяйстве, водном и лесном секторах» аттуу субрегионалдык конференция өттү.
Конференцияны Орто Азиянын Регионалдык Экология Борбору (Казахстан) уюштурду. Орто Азиянын беш мамлекетинин өкүлдөрү (Кыргызстан, Казахстан, Түркменистан, Таджикистан, Өзбекистан), улуттук жана эларалык эксперттер жана мамлекеттик эмес уюмдар, демилге чегинде климат өзгөрүү шартында чарбачылык, суу, токой тармактарындагы адаптациялык тажрыйбаны жана адаптациялык иш-чараларды ишке ашыруу максатында мамлекеттик-жеке кызматташуунун (!) маанисин талкуулашты
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду конференцияга Мамлекеттик – жеке кызматташуу маселесиндеги эксперт катары чакырылды. Фонд тарабынан МЖК боюнча Иштөөчү группанын мүчөөлөрү Алкадырова Ч. М, Өмурбекова М. О, Рахмидинова А жана Фонддун кызматкери Бөлөкбаева Н. Ы. катышты.
Фонд конференцияда эки презентация менен чыгышты. “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик – жеке кызматташуунун өнүгүү концепциясы” аттуу коомдук документинин презентациясы (Алкадырова Ч.) катышуучуларга документтин негизги механизмдерин, принциптерин жана анын тарыхын көрсөттү. Презентация бардык катышуучуларга пайдалуу болду, себеби документтин ичинде МЖКнын теориялык негиздери жазылды.
"Государственно-частное партнерство через призму интересов частного партнера с учетом экологических факторов" (Рахмидинова А.) аттуу таанытууда МЖКнын нормативдик, укуктук негиздер, мамлекеттин жана жеке сектордун кызыкчылыктарынын анализи каралган.
(!) Мамлекеттик – жеке кызматташуу
Добавить комментарий