«Ак Дил» айкөлдүк кыймылы
Айкөлдүк кыймылынын негизги миссиясы – өлкөнүн ар түрдүү объекттерине жардам берүү жана кайрымдуулук максатында жаш ыктыярчыларды активдүү, кайыр-садагага жана социалдык тармакка арналган жаратман демилгелерге чакыруу жана мындай ишмердүүлүктү жайылтуу.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Ак Дил» айкөлдүк кыймылын түзүүдө.
Айкөлдүк кыймылынын негизги миссиясы – өлкөнүн ар түрдүү объекттерине жардам берүү жана кайрымдуулук максатында жаш ыктыярчыларды активдүү, кайыр-садагага жана социалдык тармакка арналган жаратман демилгелерге чакыруу жана мындай ишмердүүлүктү жайылтуу.
Жаш, энергиялуу, патриот жана коомго пайда алып келүү максатын көздөгөн жаштар, өз ЖОЖуңузда команда түзүп, дос күтүп бул кыймылдын мүчөсү боло алышат.
Бул күчтүү кыймылдын мүчөлөрү – командалар, коомдо жаштардын патриоттук сезимдерин чыңдып, болгон мүмкүнчүлүгү менен өз мекенин көтөрүүгө салым кошуу үчүн ар түрдүү долбоорлорду, масштабдуу акцияларды уюштуруп, ишке ашырышат. Шаарлар, айыл жергеси, табият жана колунда жок жарандарга, кары-картаң карыяларга, коомдогу жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүп турушмакчы. Командалар автономдуу түрдө жана башка командалар менен бирге масштабдуу иш-чараларды аткарып, жалпы коомго пайда алып келишет.
Айкөлдүк кыймылынын командалары бир нече негизги принциптерди намыс кодекси катары тутушат. Булар: Мыйзамдуулук; ыктыярдуулук; кыймылдын мүчөлөрүнө өз ишинин маанилүүлүгүн билдирүү; үзгүлтүксүздүк жана системалуулук; демилгелүүлүк жана жигердүүлүк.
Фонд ЖОЖларда командаларды куру боюнча жигердүү иштеп жатат. Бардык массалык маалымат каражаттарына анонс жана аудио, видео материалдарды жайгаштырууда.
Фонд ар бир квартал сайын командалар ортосунда жарыш өткөрүп, «Мыкты айкөл команда» жана «Жылдын айкөл адамы» наамдарын ыйгарып, татыктуу белектер менен сыйлап турмакчы.
Айкөлдүк кыймылынын катышуучулары, кыймылдын миссиясынан, максаттарынан жана милдеттеринен келип чыккан, кошумча мүмкүнчүлүктөргө жана артыкчылыктарга ээ болушат. Кыймылдын катышуучуларына, коомдун социалдык маанидеги көйгөйлөрдү чечүүсүнө салым кошуу жана айрым жарандарга пайда алып келүү үчүн, бирдиктүү, күчтүү, заманбап кыймылга бириккенге мүмкүнчүлүк берилет. Ошентип, ар бир катышуучу жакшылык көрсөтүүгө умтулушун иш жүзүнө ашырып, айкөл атын алат жана өлкөнүн эң активдүү жана демилгелүү айкөл адамы катары тарыхка калат.
Кыргызстанда биринчи жолу жаштарды системалуу түрдө бириктирүү жана жаратман, ынтымактуу, заманбап кыймылды түзүү аракети башталууда.
Байланыш телефондору: +996 (312) 69 -05 47, +996 (312) 69 06 67, +996 (312) 69 05 43, +996 (312) 69 05 46. Фонддун электрондук адреси: fpi.kg@mail.ru
Добавить комментарий