«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектептин студенттеринин билим фестивалына катышуусу
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектептин студенттеринин билим фестивалына катышуусу.
Келечекке карай жол, Кыргызстандын жаш лидерлери.
Кыргызстандын азыркы абалына кайдыгер эмес, тескерисинче, талыкпай билим алып, тынымсыз аракет кылган жаштарды бир биримдикке чогулткан Коомдук мектеп түзүлгѳн. Бул коомдук мектеп Прогрессивдүү Демилгелер Фондусунун «Кыргызстандын жаш лидерлери» деп аталган долбоору болуп саналат. Азыркы күндѳ тандалып алынган 100 студент кошумча билим алып жаткан кези. Тайманбаган күчү, жаштык деми менен окуп жаткан 100 жаш лидер учурда бир команда болуп, алар ѳздѳрүнүн мыктылыгын кѳрсѳтүп жатат десек болот. 26-27-апрелде Роза Отунбаеванын Фондусу тарабынан уюштурулган Билим фестивалына коомдук мектеп активдүү катышты. Фестивальга жаш лидерлер үч командага бѳлүнүп, биринчи команда билим тууралуу презентацияга, экинчи команда 48-номердеги чатырчаны кооздоого, үчүнчү команда билим жѳнүндѳгү сценкага, жана флешмобко даярдык кѳрдѳ. Бул топтордун эмгеги жыйынтыкта ѳтѳ жакшы деген баага арзыды. Мындай ой-пикирин Прогрессивдүү Демилгелер Фондусунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов билдирди. Ошондой эле, Амангелди Жумадилов “Ушундай жогорку деңгээлдеги фестивалды Коомдук мектеп ѳткѳрсѳ болот” - деген оюн билдирди.
Ал эми фестивальга катышкан жаш лидерлердин ой-пикирин дагы угуп кѳрдүк.
Мээрим Абдрахманова:
- Коомдук мектеп баарынан мыкты болду. Биз мындан ары дагы дайым мыкты болууга аракет кылабыз.
Азамат Абдурасулов:
- Фестивальда кѳбүнчѳ бий жана КВН коюлуп жатты. Ал эми биздин коомдук мектеп башкалардан айырмаланып сценканы дагы, бийди дагы алып чыкты, ошонусу менен ѳзгѳчѳ болду. Негизи, бул коомдук мектептен биз азыркы 21-кылымга керектүү билимдерди алып жатабыз, бардыгын теория жүзүндѳ эмес, практика жүзүндѳ. Ири компаниялардын ийгиликтүү инсандардан сабак алып, акыл-насааттарын угуп, алардын ошол даражага кантип жетишкендиктери тууралуу маалымат алып жатабыз.
Жибек Канатова:
- Фестивальга сабактан кийин кечки 21.00-22.00гѳ чейин калып даярданып аттык. Сценка аткарууга кѳп идеялар дагы болду.
Нурайым Осоева:
- Биздин 48-номердеги чатырчада кѳбүнчѳ ѳспүрүм балдардын чыгармачылыгын арттырууга аракет кылдык. Мисалы, ар кандай сүрѳттѳрдү боегонго, ошондой эле, пластилинден ар кандай оюнчуктарды, мисалы, бирѳѳлѳр алманы, бирѳѳлѳр бир жаныбарды жасап жатышты. Ошол эле убакта алардын ата-энелери Прогрессивдүү Демилгелер Фондусу тууралуу кенен маалымат алып жатышты.
Жогоруда лидерлер белгилеп кеткендей чатырчанын алдында идея деген чоң тактайча коюлуп, бул жерде фестивальга келгендер улуу-кичүү дебей ѳздѳрүнүн каалоосун жазып, калтырып кетүүгѳ мүмкүнчүлүк болду. Ал эми сценканын мааниси болсо азыркы учурдагы Кыргызстандагы абалды чагылдырууга аракет кылды, маселен ар бир жогорку окуу жайды бүткѳн кесипкѳй жаран ѳзүнүн кесиби боюнча иштебей акча табуунун айласын кѳрүп, таптакыр башка кесипке иштеп кеткен. Мындайга коомдук мектеп жол бербейт деген идеяны алып чыкты.
Фетивальдын аягында 100 студенттин ичинен мындай ишке лидерлигин кѳрсѳтүп, уюштуруучулардын башында тургандардын ысымдарын аташып, аларга ыраазчылыктарын билдиришти. Алар:
1. Презентация боюнча - АРДАК ЧАПАЕВ
2. Сценка боюнча - АЛТЫНАЙ АЛСЕИТОВА
3. ФЛЕШМОБ бий үйрѳтүү боюнча - ЖИБЕК КАНАТОВА
4. Чатырчаны кооздо боюнча - АЙЧОЛПОН АВАЗОВА
Бактыбек кызы Бегимай,
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин окуучусу,
БГУнун студенти.
Добавить комментарий