Ооган кыргыздарынын ханы Рахманкулдун уулу Ариф мырза менен жолугушуу
Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрь күнүндө Ооган кыргыздарынын ханы Рахманкулдун уулу Ариф мырза жана анын жакындары Прогрессивдүү Демилгелер Фондуна келип, Фонддун койгон максаттары менен таанышып, ишине ийгилик каалап, баалуу белектерин эстеликке берүү менен Фондко ишмердүүлүгүн улантуусуна жаңы дем берип кетти.
Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрь күнүндө Ооган кыргыздарынын ханы Рахманкулдун уулу Ариф мырза жана анын жакындары Прогрессивдүү Демилгелер Фондуна келип, Фонддун койгон максаттары менен таанышып, ишине ийгилик каалап, баалуу белектерин эстеликке берүү менен Фондко ишмердүүлүгүн улантуусуна жаңы дем берип кетти. Ал эми Фонд да Туркия мамлекетиндеги Ван аймагында жашаган кыргыз элине салам жолдоп, өз ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанда демилгелүү жаштардын көп экенин айта барууларын өтүндү. Бул таанышуу жолугушуусу жакшы маанайда өтүп, айтылгандай алдыга умтулуунун дагы бир түрткүсү болду.
Ал эми Ариф мырза Рахманкул хандын 100 жылдык мааракеси 8-ноябрда Бишкекте белгилгенүү себеби менен делегациянын коштоосунда келген эле. Мааракеге чакырылган сыйлуу коноктордун арасында азыр Рахманкул хандын эли жашаган Түркиядагы Улуу Памир айлынын башчысы Касымбек Шакир уулу Варол да бар. Ошондой эле Мамлекеттик тарых музейинде болгон салтанатта Баяс Туралдын «Рахманкул Хан жана анын мезгили» аттуу китебинин көргөзмөсү да болуп өткөн.
Добавить комментарий