«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» билдирет
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлөрү, Ош Мамлекеттик Университети менен биргеликте, Ош шаарына Ош жана Жалал-Абад облусундагы студенттерге «Кел бөлүшөлү» аттуу долбоорун ишке ашырууда.
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу билдирет, ири долбоор болгон «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлөрү, Ош Мамлекеттик Университети менен биргеликте, Ош шаарына Ош жана Жалал-Абад облусундагы студенттерге «Кел бөлүшөлү» аттуу долбоорун ишке ашырууда.
Окуу курсу «Чечендик өнөр», «Максат, кыялдануу жана өзүн өзү өнүктүрүү», «ийгиликти пландоо (өз каражатын туура пайдалануу)», «Өлчөмсүз жашоо (стереотиптерден арылуу, өзүнө ишенүү)», «Убакытты туура пайдалануу» аттуу тренингдерди камтыйт.
Бул долбоор 14-июлдан 19-июлга чейин 17 жаштан 25 жашка чейинки 200 студентке акысыз тренингдерди өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Ачылышы: 14-июль, саат 10:00, Ош шаары, Масалиева к., Ош Мамлекеттик Университетинин тарых-юридика корпусу, чоң актовый залы.
Шашылгыла: Орундун саны чектелеген.
Толук маалыматты төмөндөгү сайттан жана телефондордон ала алсыздар: http://www.fpi.kg,
0 555 175541, 0772 175541 Бакыт Шайдуллаев
0 550 087887 Авазова Айчолпон
Добавить комментарий