25-октябрда Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинде «Акыл Тирек: сунуштар жана пикирлер» аттуу илимий-практикалык конференцияны өткөрдү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын Идеялык картасы» долбоорунун алкагында уюштурулган бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» жарышынын жыйынтыгынын негизинде 25-октябрда Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинде «Акыл Тирек: сунуштар жана пикирлер» аттуу илимий-практикалык конференцияны өткөрдү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын Идеялык картасы» долбоорунун алкагында уюштурулган бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» жарышынын жыйынтыгынын негизинде 25-октябрда Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинде «Акыл Тирек: сунуштар жана пикирлер» аттуу илимий-практикалык конференцияны өткөрдү.
Конференциянын максаты: жарыштын жыйынтыгы боюнча экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында тандалып алынган, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө түзчү ɵзгɵчɵ илимий эмгектерди, алардын негизин түзгөн маанилʏʏ жана пайдалуу сунуштарды, ошондой эле алардын авторлорун мамлекетке жана коомчулукка таанытуу. Мындан сырткары бул иш-чаралар илимдин жана ага болгон кызыгуунун өсүшүнө, жаратман демилгелердин ишке ашырылышына шарттарды түзүүгө багытталган.
Фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков жана Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин ректору Себахаттин Балжы иш-чараны расмий сөздөрү менен ачып беришти. Алардын сөзүндө бир маңыз – экономика мамлекеттин пайдубалы экени жана башкарууну билүү да өлкөнү чоң ийгиликтерге алып келери болду. Ошондуктан илим жаатындагы кадрларга, өз тармагындагы мыкты адистерге өзгөчө көңүл буру экенин да баса белгилешти. Себеби, бул инсандар мамлекетке өз идея, сунуштарын берип, экономика жана мамлекеттик башкаруу багытында илимий эмгектерин жазып келе жатышат. Мындан кийин эки тарап ортосунда меморандуга кол коюлду. Биргелешип илим жаатында иштешүү меморандуму ушул күндөн тартып күчкө кирди.
Конференцияга министрлик, ЖОЖ, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнесмен, эксперт жана студенттер катышышты.
Секция №1. «Экономиканын азыркы абалы: жаңыча көз-караш»;
Секция №2. «Мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу механизмдери».
Доклад окуган инсандар Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын экономика жана мамлекеттик башкару багытындагы «Акыл Тирек» конкурсунун 1, 2 жана 3-чү орундарынын жеңүүчүлөрү болду. Мамлекеттеги актуалдуу маселелерди, экономиканын ар тармагын камтыган темалар сунушталып, каралган маселелерге конкреттүү сунуштар берилди. Абдан кызыктуу жана толуктоочу суроо жана сунуштар берилип, кызуу талкуу болду. Мамлекеттик органдар бул илимий эмгектерди экономикалык саясатты түзүүдө жана пландоодо колдоно алышат, себеби, бул эмгектер компетенттүү илимпоздор тарабынан жазылып, терең изилдөөлөргө негизделген.
Бардык массалык маалымат каржаттарына пресс релиздер алдын ала жөнөтүлүп, КТРКдан, Манас Жаңырыгы жана НБТ телеканалдарында булл иш-чаранын жүрүшү чагылдырылып, гезиттерде да кеңири маалыматтар берилди.
Төмөндөгү таблицада автор жана докладдын темалары көрсөтүлгөн:
Секция №1 «Экономиканын азыркы абалы: жаңыча көз-караш»
|
Секция №2 «Мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу механизмдери»
|
Касымбеков РыскулАсангулович «Пути комплексного развития сельскохозяйственной механизации аграрного сектора экономики Кыргызской Республики» |
АтышовКөбөгөнАтышович «Кыргызстандын туризм бизнеси: бүгүнкүсү жана эртеңкиси» |
Мусакожоев Шайлобек Мусакожоевич «Оценка достигнутого уровня развития кыргызской экономики» |
Усольцев Валерий Анатольевич «Концептуальные основы модернизации КР» |
Майчинова Гульзат Темербековна «Бизнес среда в период переходной экономики и ее последствия в развитии возможностей для бизнеса в Кыргызстане: анализ и рекомендации» |
Сапаев Муса «Программалык максат жана адам фактору»
|
Дыйканбаева Токтобюбю Саякбаевна «Теория и методология оценки вероятности наступления кризиса (на примере Кыргызской Республики)» |
Курманов Зайнидин Карпекович «О первостепенности проблемы управления в Кыргызстане в трансформационный период»
|
Эсеналиева Назира Солтонбековна «Инвестиционные государственные ценные бумаги: реалии и перспективы» |
Рысбеков Айдарбек Шайыкович «Электронное табло-А (ЭТ-А) для безопасности пешехода» |
Абакиров Малик-Айдар Барктабасович «Гарантийный фонд, как инструмент развития малого и среднего бизнеса» |
Молдосанова Гульмайрам Болотовна «Ноосферное образование - фундамент |
Добавить комментарий