Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун I - коомдук форуму

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан уюшулган, “Акыл Кубаты” долбоорунун алкагында Улуттук краудсорсинг-платформасы (www.fpi.kg) ачылган. 4 айдын аралыгында Фонд тарабынан “Акыл Кубаты” программасын таанытуу максатында 60 тан ашык жолугуушулар Джалал-Абад, Каракол, Нарын, Ош, Талас, Бишкек шаарларындагы өткөрүлгѳн. Алардын ичинде 34 изилдөө институтунда жана жогорку окуу жайларында презентацияларды уюштурулган.

   Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында  Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан уюшулган, “Акыл Кубаты”  долбоорунун алкагында  Улуттук краудсорсинг-платформасы  (www.fpi.kg)  ачылган.  4 айдын аралыгында Фонд тарабынан “Акыл Кубаты” программасын  таанытуу максатында 60 тан ашык жолугуушулар Джалал-Абад,  Каракол, Нарын, Ош, Талас, Бишкек шаарларындагы өткөрүлгѳн. Алардын ичинде 34 изилдөө институтунда жана жогорку окуу жайларында презентацияларды уюштурулган. Ушул кыска убакыттын аралыгында Улуттук краудсорсинг-платформага 300 дөн ашык киши катталып, 200 дөн ашык сунуш, идея жана идеяларга конструктивдүү критикалар келип түшкөн.

   

 

  Краудсорсинг- платформасындагы  талкуу процесси май жана июнь айларындагы  “Кой-Таш” мейманканасынын  кеңешме-өткөрүү залында активдүү жана мыкты краудсорсерлер, илим жаатындагы өкүлдөр, бизнесмендер, ассоциациялардын мүчөлөрү, жана ошондой эле кошумча чакырылган эксперттер менен өлкөбүздөгү коомдук ишмерлердин   катышуусунда ѳткѳн 2 чоң тегерек стол менен жыйынтыкталды.  Тегерек столдун отурумдарындагы талкулоонун жыйнтыгында краудсорсинг-платформасына коюлган 3 тема боюнча  жумушчу топтор түзүлгөн. Мыкты жана активдүү краудсорсерлерден, мыкты эксперттерден турган жумушчу топтор 2 айдын ичинде 3 тема боюнча коомдук документ иштеп чыгышты.  Жумушчу топтор документтерди даярдоодо коомчулук менен мамлекеттик органдардан ѳз тармактары боюнча конкреттуу сунуш жана пикирлерди алуу максатында  КРнын  транспорт жана коммуникация министрлиги, финансы министрлиги, экономика министрлиги, тышкы иштер министрлиги, ошондой эле КРнын өкмөтүнүн астындагы мамлекеттик бажы кызматы, КРнын Улуттук банкы, Бишкек шаарын өнүктүрүү агентствосу сыяктуу мамлекеттик органдары менен, Азия Өнүктүрүү Банкы, Стратегиялык Изилдөөлѳрдүн Улуттук  Институту, КРнын илимдер академиясы, Соода-өнөр жай палатасы,  Ташып жеткирүү Ассоциациясы, Бажы брокерлер Ассоциациясы, Союз-Текстиль  Ассоциациясы, Жеңил өнөр-жай Ассоциациясы, «ЖИА»  жаш ишкерлер Ассоциациясы , «Манас» университети, «Автомаш-Радиатор», БГТС, «Стандарт Сертик», «Кыргыз бетон», сыяктуу мамлекеттик эмес уюмдар жана бизнес чѳйрѳсүнүн ѳкүлдѳрү менен бирнече атайын жолугушууларды ѳткѳрүшкѳн.

   Коомчулук жана мамлекеттик бийлик органдарынын сунуш жана пикирлерин эске алынган бул коомдук документтер 19 июлда мамлекеттик тарых музейинин конференц-залында  краудсорсерлерден, эксперттерден жана юристерден түзүлгөн жумушчу топтор тарабынан “Акыл Кубаты”деп аталган  I - коомдук форумунда   коомчулукка тааныштырылды. Алар тѳмѳнкү багыттагы коомдук документтер:.   

  • «Кыргыз Республикасындагы мамлекет жана жеке ишкердик ортосундагы өнөктөштүктү өнүктʏрʏʏ концепциясы»
  • «Кыргыз Республикасын интеграциялык процесстерге тартуу платформасы (Бажы союзу)»
  • «Коомдогу терс көрүнүштөрдү жеңип чыгуу жолунун жарандык платформасы» 
 

 

 

 

  Форумда алгач фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков сөз сүйлөп, мындан үч ай мурда конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топто Кыргызстандагы мамлекеттик жана жеке ишканалардын иш алып баруусун ж.б. маселелерди ар тараптан иликтеп, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн дүйнөлүк тажрыйбаларга таянып, чоң эмгек жасагандарына токтолду. Ошондой эле аталган маселелерди талкуулоого катышкан чет мамлекеттерде эмгектенген замандаштарга да ыраазычылык билдирди.

  Форумга министрликтердин өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, жарандык коомдун өкүлдөрү, жаштардын жана эл-аралык уюмдардын мүчөлөрү, ЖОЖдын жана илимий  эксперттердин өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттары, бардыгы болуп 200 дөн ашык киши катышты. Ар бир жумушчу топтун чыгуусунан кийин форумдун катышуучулары тарабынан көптөгөн суроолор, сунуштар айтылып, кызуу талкуу жүрдү.

  Коомдук документтер - компетенттүү атуулдардын сунуш жана пикирлери катары коомго жана мамлекетке ишке ашыруу максатында сунушталган  коллективдик интеллекттин продуктусу болду.

  Мындай иш чаралар өлкөбүздөгү көйгөйлүү суроолорду талкуулап, тажрыйбалар менен алмашып, теоретикалык жана практикалык жактарын салыштырып, улуттук деңгээлдеги маселелердин чечүүчү жолдорун издөөгө  жакшы өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

   Коомдук документтер Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун сайтындагы краудсорсинг-платформасына жарандардын таанышуусу жана ойун  билдирүүсү үчүн койулду. Ошондой эле форумдун жыйынтыгында фонд тарабынан жумушчу топтун мүчөлөрүн жана алар тарабынан иштелип чыккан  коомдук документтерди элге таанытуу жана жеткирүү каралууда. Жогорудагы документтер коомго жана мамлекетке пайдалуу болуу менен катар  жарандарыбыздын  демилгелерин жана аракеттерин өлкөбүз үчүн  топтойт деген үмүттөбү

 

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо