Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун I - коомдук форуму
Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан уюшулган, “Акыл Кубаты” долбоорунун алкагында Улуттук краудсорсинг-платформасы (www.fpi.kg) ачылган. 4 айдын аралыгында Фонд тарабынан “Акыл Кубаты” программасын таанытуу максатында 60 тан ашык жолугуушулар Джалал-Абад, Каракол, Нарын, Ош, Талас, Бишкек шаарларындагы өткөрүлгѳн. Алардын ичинде 34 изилдөө институтунда жана жогорку окуу жайларында презентацияларды уюштурулган.
Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан уюшулган, “Акыл Кубаты” долбоорунун алкагында Улуттук краудсорсинг-платформасы (www.fpi.kg) ачылган. 4 айдын аралыгында Фонд тарабынан “Акыл Кубаты” программасын таанытуу максатында 60 тан ашык жолугуушулар Джалал-Абад, Каракол, Нарын, Ош, Талас, Бишкек шаарларындагы өткөрүлгѳн. Алардын ичинде 34 изилдөө институтунда жана жогорку окуу жайларында презентацияларды уюштурулган. Ушул кыска убакыттын аралыгында Улуттук краудсорсинг-платформага 300 дөн ашык киши катталып, 200 дөн ашык сунуш, идея жана идеяларга конструктивдүү критикалар келип түшкөн.
Краудсорсинг- платформасындагы талкуу процесси май жана июнь айларындагы “Кой-Таш” мейманканасынын кеңешме-өткөрүү залында активдүү жана мыкты краудсорсерлер, илим жаатындагы өкүлдөр, бизнесмендер, ассоциациялардын мүчөлөрү, жана ошондой эле кошумча чакырылган эксперттер менен өлкөбүздөгү коомдук ишмерлердин катышуусунда ѳткѳн 2 чоң тегерек стол менен жыйынтыкталды. Тегерек столдун отурумдарындагы талкулоонун жыйнтыгында краудсорсинг-платформасына коюлган 3 тема боюнча жумушчу топтор түзүлгөн. Мыкты жана активдүү краудсорсерлерден, мыкты эксперттерден турган жумушчу топтор 2 айдын ичинде 3 тема боюнча коомдук документ иштеп чыгышты. Жумушчу топтор документтерди даярдоодо коомчулук менен мамлекеттик органдардан ѳз тармактары боюнча конкреттуу сунуш жана пикирлерди алуу максатында КРнын транспорт жана коммуникация министрлиги, финансы министрлиги, экономика министрлиги, тышкы иштер министрлиги, ошондой эле КРнын өкмөтүнүн астындагы мамлекеттик бажы кызматы, КРнын Улуттук банкы, Бишкек шаарын өнүктүрүү агентствосу сыяктуу мамлекеттик органдары менен, Азия Өнүктүрүү Банкы, Стратегиялык Изилдөөлѳрдүн Улуттук Институту, КРнын илимдер академиясы, Соода-өнөр жай палатасы, Ташып жеткирүү Ассоциациясы, Бажы брокерлер Ассоциациясы, Союз-Текстиль Ассоциациясы, Жеңил өнөр-жай Ассоциациясы, «ЖИА» жаш ишкерлер Ассоциациясы , «Манас» университети, «Автомаш-Радиатор», БГТС, «Стандарт Сертик», «Кыргыз бетон», сыяктуу мамлекеттик эмес уюмдар жана бизнес чѳйрѳсүнүн ѳкүлдѳрү менен бирнече атайын жолугушууларды ѳткѳрүшкѳн. Коомчулук жана мамлекеттик бийлик органдарынын сунуш жана пикирлерин эске алынган бул коомдук документтер 19 июлда мамлекеттик тарых музейинин конференц-залында краудсорсерлерден, эксперттерден жана юристерден түзүлгөн жумушчу топтор тарабынан “Акыл Кубаты”деп аталган I - коомдук форумунда коомчулукка тааныштырылды. Алар тѳмѳнкү багыттагы коомдук документтер:.
Форумда алгач фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков сөз сүйлөп, мындан үч ай мурда конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топто Кыргызстандагы мамлекеттик жана жеке ишканалардын иш алып баруусун ж.б. маселелерди ар тараптан иликтеп, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн дүйнөлүк тажрыйбаларга таянып, чоң эмгек жасагандарына токтолду. Ошондой эле аталган маселелерди талкуулоого катышкан чет мамлекеттерде эмгектенген замандаштарга да ыраазычылык билдирди. Форумга министрликтердин өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, жарандык коомдун өкүлдөрү, жаштардын жана эл-аралык уюмдардын мүчөлөрү, ЖОЖдын жана илимий эксперттердин өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттары, бардыгы болуп 200 дөн ашык киши катышты. Ар бир жумушчу топтун чыгуусунан кийин форумдун катышуучулары тарабынан көптөгөн суроолор, сунуштар айтылып, кызуу талкуу жүрдү. Коомдук документтер - компетенттүү атуулдардын сунуш жана пикирлери катары коомго жана мамлекетке ишке ашыруу максатында сунушталган коллективдик интеллекттин продуктусу болду. Мындай иш чаралар өлкөбүздөгү көйгөйлүү суроолорду талкуулап, тажрыйбалар менен алмашып, теоретикалык жана практикалык жактарын салыштырып, улуттук деңгээлдеги маселелердин чечүүчү жолдорун издөөгө жакшы өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Коомдук документтер Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун сайтындагы краудсорсинг-платформасына жарандардын таанышуусу жана ойун билдирүүсү үчүн койулду. Ошондой эле форумдун жыйынтыгында фонд тарабынан жумушчу топтун мүчөлөрүн жана алар тарабынан иштелип чыккан коомдук документтерди элге таанытуу жана жеткирүү каралууда. Жогорудагы документтер коомго жана мамлекетке пайдалуу болуу менен катар жарандарыбыздын демилгелерин жана аракеттерин өлкөбүз үчүн топтойт деген үмүттөбү |
Добавить комментарий