Кара-Дарыя айылынын китепканасына заманбап китептер берилди
2019-жылдын 16-апрелинде, «Аскар Салымбековдун Фонду» коомдук фондунун негиздөөчүсү, меценат Аскар Мааткабылович Салымбеков Жалал-Абад шаарында жаштар менен жолугушту.
2019-жылдын 16-апрелинде, «Аскар Салымбековдун Фонду» коомдук фондунун негиздөөчүсү, меценат Аскар Мааткабылович Салымбеков Жалал-Абад шаарында жаштар менен жолугушту.
Бул жолугушууда миӊдеген катышуучулар Аскар Мааткабыловичке ар түркүн суроолорду беришип, анын маңыздуу жоопторун угуп, ийгилике жетүү, бизнес жүргүзүү жана башка кызыктуу темалар боюнча көптөгөн пайдалуу кеӊештерди алышты.
Жолугушуу учурунда, Фонддун негиздөөчүсүнө Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын жаш активист балдары, айылынын китепканасындагы китептеринин көбү эски экенин жана жаңы заманбап үлгүдөгү түрдүү китептердин жоктугун айтышып, бул жагынан жардам берүүсүн суранышкан эле.
Бүгүн 16-май күнү, Аскар Салымбеков, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында, Кара-Дарыя айылынын китепкана көйгөйү менен кайрылган жаштарына адабий, мотивациялык, лидердик жана өздүк сапатты өстүргөн жана башка көптөгөн пайдалуу китептерди өз колу менен тапшырып, ийгилик каалады.
Добавить комментарий