Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

“Кел бѳлүшѳлү” долбоору Баткен шаарында

Тренингтин катышуучулары “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин Баткен шаарында ачылышын чыдамсыздык менен күтүшүүдө, алар чындыгында өздөрүн ар тараптуу өнүктүрүүгө жана тренингтерден керектүү болгон маалыматтарды алууга аракеттеништи.

"Прогрессивдүү Демилгелер Фонду" коомдук фонду тарабынан уюштурулган “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрү алган билимдерин бѳлүшүү максатында “Кел бөлүшөлү-2014” аттуу долбоору менен Кыргызстандын 7 дубанасын кыдырып, бардык студенттердин кичине болсо да мекенге болгон кѳз карашын, сезимдерин ойготуу менен тренингтерин ийгиликтүү ѳтүп келишти. Үстүбүздѳгү жылдын 1-декабрынан 6-декабрына чейин 2 команда Кыргызстандын эки тарабын чойгон Ыссык-Кѳл областы менен Баткен областынын жаштарына тренинг ѳтүү менен “Кел бѳлүшѳлү-2014” долбоору аякталды.

Баткен областына командада 4 баладан турган тренерлер барып 1-декабрь күнү Баткен Мамлекеттик Университетинде салтанаттуу түрдө ачылыш аземи ѳткѳрүштү. Аземдин башында КРнын гимни ырдалып, андан соң фонд тууралуу кыскача тасма кѳрсѳтүлдү. БатМунун атынан проректор Бүназарат Абубакировна Фондго жана жаш тренерлерге ийгилик каалоо менен студенттерди ушундай иш-чараларга катышып турууга чакырып кетти. Ачылыш аземинен кийин тренерлер студенттерди каттоодон өткөрүп, бош убактысын эске алуу менен тренингтин убактысы саат 14.00-17.00 чейин, аларды 40  студенттен 5 тайпага бөлүштүрүштү. Андан сырткары, БатМУнун 4-5-курсунун студенттеринин атайын суранычы боюнча саат 10:00-13:00 тренинг өтүлдү.   Баткен шаарынын жаштарынын ушул сыяктуу тренингтерге кызыкдар экендиги, биринчи күндөн баштап эле алардын көздөрүнөн байкалып турду.

Тренингтердин программасы төмөнкү 5 багыттагы темаларды камтыйт:

1.      Чечендик өнөр;

2.      ишкердик этикет;

3.      Убакытты туура пайдалануу (тайм менеджмент);

4.      Чексиз жашоо (Жизнь без границ);

5.      Өздүк акчаны жана үй бүлөлүк бюджетти туура башкаруу.

Андан сырткары, БатМУнун студенттеринин демилгеси менен 1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнүндө Баткен шаарынын тургундарын кайдыгер болбоо максатында жөө жүрүш уюштурушту.

Бул тренингтерге Баткен мамлекеттик университетинин студенттеринен сырткары, бир нече шаардык мектептин жана медресенин окуучулары дагы тренингке активдүү катышышты. Тренинг учурунда катышуучулар кызыгуу менен катышып, көптөгөн суроолоруна жооп алышып, кыска убакыттын ичинде өзгөрүү байкалды.  Тренерлер тарабынан даярдалган презентациялар бардыгына жагып, ар түрдүү интерактивдүү оюн-зооктор менен коштолду.  Доолбордун жабуу аземине ар кандай идеяларды ортого салып, талкуу учурунда тренерлер жана катышуучулар бири-бирине бир туугандай ынтымакка келишип, прогрессивдүү жаштарды саясий күчкө эмес, билимге умтулуу үчүн бириктирүү максатын көздөөдө.

Тренингтин катышуучулары “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин Баткен шаарында ачылышын чыдамсыздык менен күтүшүүдө, алар чындыгында өздөрүн ар тараптуу өнүктүрүүгө жана тренингтерден керектүү болгон маалыматтарды алууга аракеттеништи.

6-декабрь күнү жаш тренерлер жана катышуучулар 18 жашка жете элек өспүрүм балдарга спирт ичимдиктерин шаардык дүкөндөрдө сатпоо максатында “18+” акциясын Баткен шаарынын мэриясынын жана ички иштер башкармалыгынын колдоосу менен ишке ашырышты. Бул акция менен бирге кичинекей Изат Сабировго операциясына жардам кылуу максатында жаш лидерлер 6 миң сом чогултуп бере алышты. Акциядан кийин тренингтердин салтанаттуу жабуу аземинде тренингтин катышуучуларына бир жумалык курстарга катышкандыгын күбөлөндүргөн сертификаттар тапшырылып жатып, “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фондусунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов өз сөзүндө жаштарды радикализм, тирешүүлѳрдѳн, куру кыйкырыктардан алыс болуп билимге умтулууга, жаратман иштер менен ѳлкѳгѳ салым кошууга чакырып, коомдук мектептин Баткен шаарына ачылуусуна жаштардан талап бар экендигин баса белгилеп кетти.   Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун атынан “Кел бөлүшөлү” долбооруна колдоо көрсөткөндүгү үчүн БатМУнун ректоратына, жаштар комитетинин төрагасына жана катышуучулардын активдүүлүгүн камсыздаган активистерге ыраазычылык каттары тапшырылды. Азем Баткендин таланттуу жаштары даярдаган концерттик программа менен коштолуп жатты.

Тренингтердин таңкалтырганы, бир жума ичинде жаш тренерлер жана катышуучулар ушунчалык достошуп, ынтымакташуусу. Катышуучулар тарабынан чын жүрөктөн ыраазычылыктары, алардын эмоциясынан билинип турду. Андан сырткары жаш тренерлер баа жеткис мол тажрыйбага жана көптөгөн жагымдуу эмоцияларга ээ болушту.

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо