«Кел бөлүшөлү» долбоору Талас шаарында болуп өттү
«Кел бөлүшөлү» долбоору Талас шаарында өз максатына жетип, алдыга коюлган милдеттер толугу менен аткарылды.
Бүткүл Кыргызстан боюнча өткөрүлүп жаткан Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан уюштурулган «Кел бөлүшөлү» долбоорунун кезектеги ачылыш аземи 2014-жылдын 18-ноябрында Талас мамлекеттик университетинин чоӊ залында болуп өттү. Салтанаттуу ачылыш окуу жайдын администрациясынын, мугалимдер жамаатынын, студенттеринин жана «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда өтүп, Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун ишмердиги тууралуу чакан тасма көрсөтүлдү.
Салтанаттуу ачылыш аземине 250дөн ашык студенттер катышса, тренингдер 4 группадан турган 120дан ашуун студенттерге өткөрүлдү. Тренингдер төрт күндү камтып, беш багыт боюнча өткөрүлдү:
1. Финансылык пландоо жана өз каражаттарын туура пайдалануу.
2. Ишкердик этикеттин негиздери.
3. Убакытты туура колдонуу.
4. Стереотиптерден арылуу жана өзүнө ишенүү.
5. Чечендик өнөр.
Тренингдерди өткөрүүгө Талас мамлекеттик университетинин администрациясы, мугалимдер жамааты жана жаш активисттери көмөк көрсөтүшсө, студенттери сабактардан тышкары 3 саатка созулган тренингдерге активдүү катышып жатышты. Традициялык мамлекеттик билим берүүдөн айырмаланган тренингдер студенттердин арасында чоӊ кызыгууну жаратты. Себеби, жаш тренерлер тарабынан билим берүүнүн заманбап ыкмалары колдонулду. Мисалы, аудио жана видеоматериалдарды колдонуу, теорияны практика менен айкалыштыруу, топтор ичиндеги көнүгүүлөр жана башкалар.
22-ноябрь күнү Талас мамлекеттик университетинин чоӊ залында «Кел бөлүшөлү» долбоорунун жабылыш алкагында тренингдерге активдүү катышкан студенттерге майрамдык маанайда сертификаттар тапшырылды. Долбоордун Талас шаарындагы жабылыш аземи ыр-бийдин коштоосунда жогорку деӊгээлде өттү. Студенттер тарабынан Прогрессивдүү Демилгелер Фондуна жана жаш тренерлерге карата көптөгөн жылуу сөздөр, каалоо-тилектер айтылды. «Кел бөлүшөлү» долбоору Талас шаарында өз максатына жетип, алдыга коюлган милдеттер толугу менен аткарылды.
Добавить комментарий