«Ак Дил - Теңир Тоо» командасы
Поддержать молодых лидеров -участников субботника пришли генеральный директор Фонда Жумадилов Амангелди, исполнительный директор Фонда Жумадилов Эсенгелди, представители областной администрации, а также сотового оператора «О», оказавшего посильную помощь в проведении субботника.
2014-жылдын 13-апрелинде, дем алыш күнү Нарын шаарында 100 адам «Ак Дил - Теңир Тоо» командасынын астында биригип, балатыларды отургузууга чыгышты. Аймактык администрациянын алдында жана «Жаштар ордосу» сарайында 50 жаш балаты отургузулду. «Салкын Төр» Нарын селхозунун колдоосунда бул балатылар алынып, Мамлекеттик табиятты коргоо агентствосунун жардамы менен алынып келинген.
Жаштарды колдоого Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы директору Жумадилов Амангелди жана анын орун басары Жумадилов Эсенгелди, ошондой эле аймактык администрациянын өкүлдөрү менен «О» байланыш операторунун өкүлдөрү келишти.
Бардыгынын маанайы абдан жакшы болуп, биргелешип жаратман ишти аткаруудан өзүнө жана коомго жардам берүү сезимин сезип жатышты. Нарындын жаш лидерлери Фонддун «Ак Дил» айкөлдүк кыймылын колдоп, кийинки иштерге жигердүү катыша тургандыктарын билдиришти.
Ал эми «Ак Дил - Теңир Тоо» командасынын лидери Беков Рамил: «Биздин команда Бишкек шаарындагы командалар менен бирге масштабдуу акцияларды аткарууга даяр жана 9-майда Бишкек шаарында Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктоо боюнча пикирин сунушташты».
Добавить комментарий