Раззаков атындагы КМТУ ЖИК командасы "Ак Дил" “Ак Дил” айкөлдүк кыймылына кошулду
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетиндеги жаштар иштеринин комитети, Прогрессивдүү Демилгелер Фонду көрсөткөн жаштар программасын колдоп, “Ак Дил” айкөлдүк кыймылына кошулду.
“Ак Дил – ЖИК КМТУ” (Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин Жаштар Иштеринин Комитети) - бул окуудан тышкары, идеяларды жана кыялдарды турмушка ашырууга умтулган, студенттер арасынан чыккан, ар кайсы факультеттердин төрагаларынан турган активист жана айкөлдөрдүн командасы. Алар активдүү түрдө биринчи курстагы студенттерди ден соолуктуу жашоо түрүнө чакырып, активдүү атуулдук позициясын түзүүгө жардам беришет. Белгилей кетсек, бул Комитет бир нече жолу кайрымдуулук иш чаралар жана акцияларды өткөзгөн, ошондуктан коллективдин ичинде бирдик жана достук чөйрөсү сезилип турат.
Булардын далилдөөсү катары “Ак Дил – ЖИК КМТУ” командасынын төмөндөгү кайрымдуулук иш -чаралар жана акциялар болуп эсептелет:
1) КМТУ студенттеринин идея, чыгармачылык жана талант потенциалын ачып көрсөтүү үчүн “Мистер жана Мисс КМТУ 2014” аттуу конкурс өткөрүлгөн. Сулуулук, талант жана жашоо түрү конкурсуна ар кайсы факультеттердин 10го жакын өкүлдөрү катышышты. “Мистер жана Мисс КМТУ 2014” наамына “Транспорт жана машина жасоо” факультетинин өкүлдөрү Эгембердиев Абдысамат менен Жоробекова Жанат ээ болушту. Конкурстун башка катышуучулары баалуу белектер менен сыйланышты. (14.02.14ж.)
2) 2013-ж 29 - декабрда Ак Дил -ЖИК КМТУ Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясына баш бакты. Жолугушуунун максаты – Гвардия менен мындан ары кызматташуу жана студенттердин аскер – патриоттук сезимин көтөрүүдө болду. (29.12.2013ж.)
3) ЖОЖдын Жаңы жылдык кечесин өткөзүү – 2014 (27.12.13ж.)
4) 6.12.2013-ж. – Акыл эс өнүгүүсүнөн артта калган балдарды тарбиялоочу мектеп-интернатка кайрымдуулук жардам берүүгө жетишишти.
5) ЖИК Борбор Азиядагы Америка Университетинде Билим берүү Министри менен жолугушууда. (15.01.2014ж.)
Ата-Mекенди коргоо күнүнө арналган «А ну-ка парни» аттуу конкурсун өткөзүү. 21.02.14ж. Жатаканалардын арасында Ата-Мекенди коргоо күнүнө арналган «А ну-ка парни» аттуу достук мелдеш.
Добавить комментарий