Конференция в Москве
2015-ж. 13-17-апрелинде Москва шаарында М.В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинде XXII Эл аралык студенттердин, аспиранттардын жана жаш окумуштуулардын “Ломоносов-2015” конференциясы болуп ѳтүп, ал жака биздин жердешибиз Сулайманов Исламбек Рахманович катышып келди.
2015-ж. 13-17-апрелинде Москва шаарында М.В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинде XXII Эл аралык студенттердин, аспиранттардын жана жаш окумуштуулардын “Ломоносов-2015” конференциясы болуп ѳттү.
Конференциянын негизги максаты - студенттердин, аспиранттардын жана жаш окумуштуулардын чыгармачылык активдүүлүгүн ѳрчүтүүгѳ, заманбап илимдин актуалдык маселелерди чечүүгѳ чакырууга жана КМШ ѳлѳкѳлѳрүндѳгү илим-билим мейкиндигин сактоо жана ѳркүндѳтүүгѳ багытталган.
Конкурстун негизинде, “Тарых жана искусствонун тарыхы: Жакынкы чет өлкөлөрдүн тарыхы” аттуу темасында жазылган Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин коомдук илимдер институтунун тарых багытынын магистранты Сулайманов Исламбек Рахмановичтин иши комиссия тарабынан кабыл алынып, конференцияга катышууга жолдомо алган.
Исламбек “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фондуна кайрылып, Фонд тарабынан каржылык колдоо кѳрсѳтүлүп, жердешибиз аталган конференцияда ѳзүнүн жазган ишин ийгиликтүү жактап, кайтып келди.
Добавить комментарий