Жаш таланттардын “Мен - жылдыз” республикалык сынагы болуп өттү
“Балтаттуу” бейөкмөт уюму тарабынан уюшулган “Мен - жылдыз” аттуу сынагы КР Билим берүү жана илим министирлиги менен биргеликте Бишкек шаарындагы № 21-мектептин базасында өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан жаш таланттар катышты. Сынак беш номинацияда: Манас эпосунан үзүндү, дастан айтуу, улуттук аспаптарда ойноо, вокал жана бий багыттары боюнча болду. Сынактын максаты - республика боюнча таланттуу балдарды аныктап, алардын андан ары өсүшүнө колдоо көрсөтүү жана алардын чыгармачылык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Жаш таланттардын “Мен - жылдыз” республикалык сынагы болуп өттү
“Балтаттуу” бейөкмөт уюму тарабынан уюшулган “Мен - жылдыз” аттуу сынагы КР Билим берүү жана илим министирлиги менен биргеликте Бишкек шаарындагы № 21-мектептин базасында өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан жаш таланттар катышты. Сынак беш номинацияда: Манас эпосунан үзүндү, дастан айтуу, улуттук аспаптарда ойноо, вокал жана бий багыттары боюнча болду. Сынактын максаты - республика боюнча таланттуу балдарды аныктап, алардын андан ары өсүшүнө колдоо көрсөтүү жана алардын чыгармачылык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Сынактын калыстар тобунун төрагасы КР эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев, мүчөлөрү КР эл артисти Табылды Актан, КР эмгек сиңирген артисти Анара Эсенгулова, манасчылар Замир Баялиев, Самат Көчөрбаев, ырчылар Жамиля Муратова, Мээрим Карыпова, комузчу Назбек Кенчинбаев болушту.
Баш байгеге Манас номинациясы боюнча Нарын областынын Ат-Башы районунун С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек Талантбеков татыктуу болду. Ал эми биринчи орун ээлери төмөнкүлөр: Талас областынын Бакай-Ата районунун А.Артыков а.о.м. окуучусу Биймырза уулу Бексултан (Манас айтуу), Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун А.Осмонов а.о.м окуучусу Нурлан Иманов (вокал), Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун А.Абдраимов а.о.м. вокалдык трио (вокал), Талас областынын Кара-Буура районунун Б.Мырзабаев а.о.м. окуучусу Сагынбек уулу Бактияр (улуттук аспаптарда ойноо), Нарын областынын Нарын шаарынан №1 Т.Сатылганов а.о.м “Наристе” тобу (бий).
Сынактын гала-концерти коомдук биринчи каналдын концерттик студиясында өттү. Жеңүүчүлөргө сыйлыктары менен бирге биринчи, экинчи даражадагы дипломдор жана катышкандыгы тууралуу сертификат тапшырылды. Сынак “Эмгек” саясий партиясынын колдоосу менен өттү.
Женүүчүлөргө сыйлыктары менен бирге биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы дипломдор ыйгарылды жана бардык катышуучуларга сертификат берилди. Концерттен кийин “Кой-Таш” туристтик комплексинде сый көрсөтүлүп, “Калейдоскоп” чон куурчактар театры шоу тартуулашты. Иш чарага “ Эмгек” саясий партиясы демөөрчүлүк кылды.
Ошентип, жаш таланттардын жылдызын жандырган иш-чара ийгиликтүү аяктады.
Сүрөттөрдү төмөнкү ссылкадан көрө аласыз: http://fpi.kg/advents/view/zavershilsja-respublikanskij-konkurs-junyh-talantov-ja-zvezda
Добавить комментарий