Коомдук мектебинин 2-группасы «Тарых жана маданият жылына» карата чакан концерт уюштурду
Концерт бир жагынан жаштардын тарых жана маданиятыбызга болгон сый урматын тастыктаган болсо, экинчи жагынан алардын ар тараптуу ѳнѳргѳ ээ, келечектен кѳптү үмүттѳндүргѳн лидерлер экендигин кѳргѳздү.
20-май күнү «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 2-группасы «Тарых жана маданият жылына» карата чакан концерт уюштурду. Аталган концерт Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин проректору Шаир Закированын демилгеси менен уюштурулуп, жагымдуу маанайда ѳттү. Коомдук мектептин студенттери ѳз таланттарын кѳѳгѳзүп, мекенди, тилди жана тарыхты сыйлап, урматтоого чакырышты. Концерт бир жагынан жаштардын тарых жана маданиятыбызга болгон сый урматын тастыктаган болсо, экинчи жагынан алардын ар тараптуу ѳнѳргѳ ээ, келечектен кѳптү үмүттѳндүргѳн лидерлер экендигин кѳргѳздү. Ыр-бий, тамаша жана тарыхый чыгармалардан ѳзүндүлѳрдү камтып, мекенчилдик сезимди козгогон мындай иш чараны демилгелеген Шаир Закировага жана «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 2-группасына терең ыраазычылык билдиребиз.
Добавить комментарий