Тренинги молодых лидеров Кыргызстана в период с16 марта до 21 марта
Бүгүнкү тандоо - Эртеңки келечек
Келечек жаш муундарды ар тараптан, кɵп кырдуу, заманына жараша, акыл калчап, иш алып барган, кыраакы адис, руху аруу жана бийик, эң негизгиси мекенине пайдасы тийген, асылзат инсандарды тарбиялап чыгаруусу зарыл.
Бул максатта жалпыбызга маалым болгондой «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу тарабынан уюштурулган «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин үчүнчү агымынын студенттеринин 3 жумалыгы жемиштүү өттү десем жанылышпайм.
Улуу ойчул, Ж.Баласагын айткандай: “Билим-байлык каткан казынага тең”- дегендей коомдук мектептин тарбияланучулары күндѳн-күнгѳ терең кызыгуусу артып, кѳп тармактуу билим, пайдалуу маалымат алышууда.
Жуманын башында эле Фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов “Ɵлкѳнүн келечеги - адам капиталы” - аттуу темада лекция окуду.
Устат коомдук мектептин жаңы агымын, дайыма алдыга умтулууга , кѳп нерсени билүүгѳ, тыныгуусуз изденүүгѳ, билимге талпынууга үгүттѳп, адамгерчилик пайдубалыбыздын бийиктигин белгилеп, анын тазалыгын сактоого чакырды. “Кѳп чогулса кѳл болот” - демекчи, эртеңки келечек ѳз колубузда экендигин дагы бир ирет түшүндүрүп, арабыздагы карым-катнашты, ынтымакты, достукту бекемдөөнү, биргеликте иш алып барууга багыттады. Анткени, биздин бүгүнкү оюбуз, тандообуз, иш аракетибиз, эртеңки күндүн үзүрү, жыйынтыгы болмокчу. Жаратман, билимдүү жаштар коомубуз үчүн да, өлкөбүз үчүн да чоң мааниге ээ экенин айтып, мындан кийинки иштерине ийгилик каалап кетти.
Ошондой эле, жергебиздин чыныгы уулу, Ата-Журттун азаматы, патриоту, Раимжан Курбанов менен студенттерибиздин пайдалуу жолугушуусу болду. Раимжан Курбанов, жаш лидерлердин жүрѳгүн ойготуп, патриоттук дем берип, кыргыздын чыныгы рухунун күчтүүлүгүн даңазалаган ырларды окуп, ой толгоолору менен бѳлүшүп, эч кимди кайдыгер калтырган жок.
Аптанын кийинки күндѳрү байсалдуу болуп, ар бир группага: «Ийгиликке умтулуу», «Балуу казагдардын базары», «Ѳздүк каражатты туура пайдалануу», “Коммуникация” жана «Чечендик ѳнѳр» темаларында тренингтер ѳткѳрүлдү. 4-топтун студенттери болсо, борборубуздагы белгилүү мейманканалардын бири «Жаннат Ридженсиде» жана Мамлекеттик каттоодо экскурсияда болушту. Ал жактан кызыктырган, керектүү суроолоруна толук кандуу жооп ала алышты.
Тренингтер жогорку сапатта ѳткѳзүлүп, катышуучулар тарабынан жакшы кабыл алынууда. Келечек жаштары пайдалуу маалыматтар менен билим казынасын толтурушуп, атайын даярдалган кызыктуу оюндар, экскурсиялар аркылуу көңүлдөрүн ачууда, катышуучулардын максаты бир болгондуктан жакын сааналаштарын, досторун табышууда.
Жуманан аягында жаңы жашоонун илебин баштаган Нооруз майрамы да келип калды. Убакыттан пайдаланып, кадырлуу кыргыз калкыбызды –Улуу Нооруз майрамыны менен куттуктап кетмекчибиз. Нооруз майрамы элибизге кут-береке, ырыскы, ынтымак алып келсин.
Ал эми, 20-март күнү коомдук мектептин баардык үч агымы жана “Эмгек” партиясынын жаштар канатынын лидерлери менен биргеликте, “Дордой” спорт комплексинде майрамдык кече ѳткѳзүлүп, жакшы тилектери менен ааламдагы күн менен түн теңелген куттуу түндү бирге тосушту. Дасторкондо ар түрдүү тамак даамдарын даярдашып, атайын майрамга аш басылып, сүмѳлѳк жасалды. Майрамдык шаң-шѳѳкѳт, ыр-бийлер менен коштолуп, ар түрдүү оюндар ойнолуп, кызыктуу маектер менен эң жогорку деңгээлде, эсте калган дагы бир улуу күн болду.
Жан дүйнѳбүздүн ар бир сезимин ойготкон коомдук мектептин иш-багыттары, бизге келечектин ачкычын, жаңы толкун илебин, ишеничибизге күч-кубат, жүрѳктѳрүбүзгѳ шам, жылуулук берип, ийгиликтин үрѳѳнүн тартуулаган керемет кѳз ирмемдерге терең ыраазычылык. Алга, жаш лидерлер!
Айгүл Кылычакунова,
"Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин студенти
Добавить комментарий