Коомдук мектептин 6-агымынын студенттери "KazGrain" заводунда
Студенттер завод жѳнүндѳ кенен маалыматтарды алышып, "Алия" маркасындагы ун жана кесменин ѳндүрүлүшүн ѳз кѳздѳрү менен кѳрүшүп, заводдун тазалыгына баа берип келишти.
2016-жылдын 21-декабрында "Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин 6-агымынын студенттери Токмок шаарындагы заманбап шаймандар менен жабдылган ун жана кесме чыгаруучу "KazGrain" заводунда экскурсияда болуп келишти. Студенттер завод жѳнүндѳ кенен маалыматтарды алышып, "Алия" маркасындагы ун жана кесменин ѳндүрүлүшүн ѳз кѳздѳрү менен кѳрүшүп, заводдун тазалыгына баа берип келишти.
Учурдан пайдаланып Фонд, "KazGrain" заводунун жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирет
Добавить комментарий