Коомдук мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдору кыдырып коомдук мектеп жөнүндө маалымат беришти
2014-жылдын 18-сентябрында Аскар Салымбеков, Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы директору Жумадилов Амангелди, фонддун проект-менеджери Жакшыбек кызы Назира жана «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин студенттери Эл аралык Ататүрк-Алатоо Университетинин студенттери менен жолугушушту.
2014-жылдагы Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун койгон максаттарынын бири - «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине 200 студент кабыл алып, үзгүлтүксүз билимдүү, жоопкерчиликтүү, өз алдынча өнүгө ала турган жаштарды жана болочок лидерлерди тарбиялоо менен атайын команда түзүү, мамлекеттин жаңы жаркын жаш элитасын курууга жеке салым кошуу.
Март айынан июль айына чейин биринчи бүтүрүүчүлөрүн ийгиликтүү узатып, эми кошумча билимге суусап турган 100 жаш лидерге күзгү 3 айлык окуу курсун баштоо алдында. Коомдук мектептин күзгү экинчи окуу курсу башталганын жарыялап, Кыргызстандагы 25 жашка чейинки активдүү улан-кыздарды бириктирип, аларга ар тараптан билим берүү жана мындан ары да өсүп-өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында коомдук мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү Ж.Баласагын атындагы КУУнун башкы имаратына жана 8-корпусуна, Борбор Азиядагы Америка университетине, Ататүрк-Алатоо университетине, Туризм Академиясына, ИИМ Академиясына, Академия художествага, Кыргыз улуттук агрардык университетине барып студенттерге коомдук мектеп жөнүндө маалымат берип келишти.
2014-жылдын 18-сентябрында Аскар Салымбеков, Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы директору Жумадилов Амангелди, фонддун проект-менеджери Жакшыбек кызы Назира жана «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин студенттери Эл аралык Ататүрк-Алатоо Университетинин студенттери менен жолугушушту.
Университеттин студенттери менен болгон жолугушуу иш-сапарында Аскар Салымбеков студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берип, өз тажрыйбаларынан да бөлүштү. Өз сөзүндө Аскар Мааткабылович: «Бизнесмен болгунар келсе, алып-сатканды үйрөнгүлө. Бизнес кылууда эч кимди, эч качан алдабагыла» - деген кеңешин айтып өттү.
А. Салымбеков студенттерге кайрылуусунан кийин, коомдук мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү жогорудагы программалар боюнча презентация өткөзүп, студенттер тараптан келген бир нече суроолорго жооп беришти.
Добавить комментарий