Коомдук мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн жаңы долбоору
Ар бир ЖОЖдо 4 күндүн ичинде 8 тренинг өтүлүп, жыйынтыгында катышкан студенттерге салтанаттуу түрдө сертификаттар берилет.
«Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун» астында түзүлгөн «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин биринчи бүтүрүүчүлөрү «Агартуу лигасы - 2014» долбоорун алып барышууда.
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу жаштардын демилгелерин көтөрүп, алардын ишке ашуусуна колдоо көрсөтүп келүүдө. Фонддун колдоосу менен жүздөгөн жаштар билим алышып, тажрыйба топтоп келишсе, көптөгөн илим чөйрөсүндөгү жаш окумуштуулардын, мамлекеттик жана жеке ишкерлердин эмгеги бааланып, эл алдында сыйлыктарга ээ болушууда. Учурда мындай иш-аракеттерди колдойм деген демилгелүү жаштардын күн сайын чогулуп жатканы, коомго пайдалуу иштерди биргелешип жасап жаткандыгынан кабар берет.
Алардын эң негизгилеринин бири – «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү менен фонддун биргелешип долбоорлорду аткаруусу. Тактап айтсак, коомдук мектепти бүтүргөн студенттер алган билимдерин бөлүшүү максатында «Кел бөлүшөлү» долбоору менен Кыргыз Республикасынын региондоруна чыгып жатышат.
Ошол эле убакта, Бишкектин жогорку окуу жайларында да «Агартуу лигасы - 2014» долбоорун алып барышууда. «Агартуу лигасы - 2014» долбоору 16-октябрдан 12-декабрга чейин болмокчу. Ар бир ЖОЖдо 4 күндүн ичинде 8 тренинг өтүлүп, жыйынтыгында катышкан студенттерге салтанаттуу түрдө сертификаттар берилет.
Тренингдер төмөндөгүдөй темаларда өтүүдө:
· Чечендик өнөр
· Каражатты башкаруудагы исламдык принциптер
· Каржы сабаттулугунун негиздери
· Ийгиликке карай жол (максат, кыял, дем-күч, лидерлик)
· Чектелбеген жашоо (стереотиптерден арылуу)
· Социалдык тармактардын мүмкүнчүлүктөрү
· Убакытты туура пайдалануу
· Кыргыз тилинин учурдагы ролу
Тренингдер Бишкектеги ЖОЖдор менен макулдашылып өткөрүлүп жатат. Учурда программа боюнча эки студент бир команда болуп биригип, өзүлөрүн тренер катары да көрсөтүшүүдө. Эки айдан кийин, 12-декабрда долбоордун жыйынтыгы чыгарылып, катышкан бардык студенттерге концерттик программа тартууланып, салтанаттуу түрдө сертификаттар тапшырылат.
Добавить комментарий