Коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрүнүн «Агартуу лигасы» аттуу долбоору старт алды
Фонд, коомдук мектептин бардык бүтүрүүчүлѳрүнѳ жаштар үчүн жасап жаткан, баштап жаткан пайдалуу иш-чараларына ийгилик каалайт!
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу 2014-жылы жаштар үчүн пайдалуу кѳптѳгѳн иш-чараларды уюштуруп келди. Алардын бири «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби аттуу долбоордун алкагында Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун эң алдынкы делген студенттер, конкурстун негизинде тандалып алынган 200 лидер коомдук мектептин жазгы жана күзгү окуу программасын ийгиликтүү бүтүрдү. 2 топтун бүтүрүүчүлѳрү биргеликте 2015-жылга карата «Агартуу лигасы» аттуу долбоордун программасын жаңы иштеп чыгып, КРнын бардык аймактарына жана Бишкек шаарынын ЖОЖдоруна, орто мектептерине чыгууга даярдык көрүлүүдө. Эскерте кетсек, «Агартуу лигасы» аттуу бул долбоор коомдук мектептин биринчи бүтүрүүчүлѳрү тарабынан 2014-жылы КРнын бардык региондорунда жана Бишкек шаарынын ЖОЖдорунда ѳткѳрүлүп келген. Ал эми 2015-жылдын башталышында алгачкылардан болуп бул долбоор, коомдук мектептин биринчи бүтүрүүчүсү Бакыт Бейшенбековдун демилгеси менен Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Ш.Абдылдаев атындагы Кочкор орто мектебинде, 19-24-январга чейин 9, 10, 11-класстын окуучуларына ѳткѳрүлдү. Бул долбоор мектеп окуучулар тарабынан жакшы кабыл алынып, ѳзгѳчѳ программага жаңы кирген “Кесипти туура тандоо” аттуу тренинги абдан кызыктуу болуп, кѳптѳгѳн суроолоруна жооп ала алышты. Мындай иш аракеттер, мектептин тарыхында биринчи жолу болуп жаткандыктан, окуучулар кызыгуу менен активдүү катышып жатышты. Тренингтердин ортолорунда атайын даярдалган кызыктуу оюн-зооктор да болуп жатты. Бир жумалык тренинг аягына келген соң, катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, атайын жабылуу аземи болуп ѳттү. Аземде мектеп директору Чолпон Ѳмүрова окуучуларга алдыда келе жаткан экзамендерин жана ЖРТлерин (Жалпы Республикалык Тестирлѳѳ) ийгиликтүү тапшырып алууларын, ошондой эле жаш тренерлерге ден-соолук жана алдыдагы ийгиликтерди каалап ѳттү.
Фонд, коомдук мектептин бардык бүтүрүүчүлѳрүнѳ жаштар үчүн жасап жаткан, баштап жаткан пайдалуу иш-чараларына ийгилик каалайт!
Добавить комментарий