Коомдук мектептин экинчи жумасында 100 студент 25тен болуп 4 топко бөлүндү
Коомдук мектептин экинчи жумасында 100 студент 25тен болуп 4 топко бөлүнүп, ар бир топко өзүнчө окуу тартиби түзүлгөн.
Коомдук мектептин окуу программасына кирген тренингдер, лекциялар жана экскурсиялар ар бир студенттин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып, алардын акылына акыл кошулуп, билим дүйнөсүн дагы да кеңейтип жаткан кез.
Коомдук мектептин экинчи жумасында 100 студент 25тен болуп 4 топко бөлүнүп, ар бир топко өзүнчө окуу тартиби түзүлгөн.
Биринчи жуманын аралыгында 1-топтун студенттерине белгилүү тренер Лилия Утюшевадан 6 сааттык «Чечендик өнөр» тренинги, Асель Дунганаевадан 3 сааттык «Фандрайзинг» тренинги, өлкөбүздөгү эң белгилүү 5 жылдыздуу «Жаннат Ридженси» мейманканасына болгон экскурсия жана КР мамлекеттик каттоо кызматынын мекемесине болгон экскурсиялар өтө кызыктуу жана пайдалуу болуп, ар бир студентти көңүл кош калтыран жок.
Ушул эле жума аралыгында 2-топтун студенттери тренер Айнура Чолпонкулованын 6 сааттык «Бизнес пландаштыруу» тренингинде, Асель Дунганаеванын 3 сааттык «Фандрайзинг» тренингинде жана «Сенти» каржы ишканасында экскурсияда болуп кайтышты.
Ал эми, 3-топтун студенттери Айсулуу Жамангуловадан 2 сааттык «Өздүк акчаны жана үй-бүлөөлүк бюджетти башкаруу» жана «Баалу кагаздар базары» тренингинде жана Асель Дунганаеванын «Фандрайзинг» тренингинде болуп, көптөгөн баа жеткис маалыматтарды алып кайтышты.
Коомдук мектептин 4-тобу болсо, тренер Ирина Чистякованын 6 сааттык «Эффективдүү сатуу техникасы» тренингинен, Лилия Утюшеванын 6 сааттык «Эффективдүү менеджер тажрыйбасы» тренингинен жана ошондой эле Асель Дунганаеванын «Фандрайзинг» тренингинен көңүлдүү кайтышты.
Анда эмесе өткөн жуманын жыйынтыгын коомдук мектептин окуучуларын өздөрүнүн ооздорунан уксак.
Бекназаров Жакшылык 3-топтун окуучусу:
«Бул тренингдер аркылуу жаңы билим алуу менен биргеликте, 3-топтун арасында достук мамилесин жакшылап бекемдеп алдык».
Иманалиева Нурдана 1-топтун студенти:
«Биринчи группа боюнча айтсам, бул бир жума ичинде биздин топто эки тренинг жана эки жерде экскурсия болуп өттү. Алардын эң өзгөчөсү «Чечендик өнөр» болду десем жаңылышпайм. Себеби биз эл алдына чыгып сүйлөштүн көп эрежелерин үйрөндүк. Ал эми экскурсиялар «Жаннат Ридженси» мейманканасында жана Мамлекеттик каттоодо болду. Ал жактын кызматкерлери менен кызыктуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк».
Турсунбеков Заман,
1-топтун студенти
Добавить комментарий