Коомдук мектептин студенттери Райимжан Курбанов менен жолугушушту
Сөз бул – жан дүйнөгө себилген үрөн, сапаттуу болсо – таасири таамай, сапатсыз болсо – курулай ооздун жели.
2015 – жылдын 20 – октябрь күнү Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин окуучуларынын катышуусунда, өз өлкөбуздө өз тилибиздин кадырына жете албасак, өзөк болуп, өзгөлөргө жем болобуз деп, тил маселесинин көйгөйүнө арналган “Улут жана тил” темасында Райимжан Курбанов менен жолугушуу болуп өттү. Кылычын таптап, от чачып, кимдер гана келген жок, чалгында жанын берсе да, кыргызым тилин берген жок. Биз дагы эне тилибизди кор кылбай, тилибиздин жок болуп кетишине жол бербешибиз керек. Мейли, канча тил билсең ошончо канатын болот деп, Райимжан Курманов айтып өткөндөй башка тилдерди өздөштүрүүнү четке какпагыла, бирок ар бирибиз үчүн эне тилибизди бийик даражага коюп, өзгөчө терең билүү зарылчылыгы ыйык милдет. “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фондунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов дагы агабыздын сөзүнө кошулуп, "Эң биринчи кезекте аң – сезимибизди тарбиялап, улуттук баалуулуктарыбызды жоготпой, жогорку билим менен жогорку маданияттуу болуп, тил күч кубатын сезе билип, кыргыз тилин кадырлап, көмүскөдө калып калбасы үчүн аракеттерди көрөлү, кыргыз тилин жоготпойлу, анткени кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны тарыхтан өчүрө албайт"- деп баса белгилей өттү. Лекциянын сонунда Райижан Курманов: “ Эне тилибиз эне сүтүндөй таза ширин болуп, чечендин таңдайын сайратып, элибиздин маңдайын жаркыратсын, өсүп – өнүгүп өмүрү узун, өрүшүмү жайык болсун, биздин ар бирибиздин биринчи улуттук белгибиз катары көөнөрбөй көкөлөп, кылымдарды бойлой берсин” – деген тилеги менен жыйынтыктады.
Добавить комментарий