Коомдук мектептин студенттерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды
7-май күнү фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Үстүбүздɵгү жылдын 22-26-апрелдеринде коомдук мектептин студенттери кайрымдуулуктун чоң үлгүсүн кɵрсɵтүшкɵн. Коомдук мектептин биринчи жана экинчи агымдарынан салт катары уланып жаткан кайрымдуулук эстафетасын үчүнчү агымдын окуучулары кабыл алып, ийгиликтүү ишке ашырды. Материалдык жактан жардамга муктаж болгон 2 жараныбызга жардам берүү максатында кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, жыйынтыгында 189 000 сом ɵлчɵмүндɵ акча каражаты топтолуп, жардам кɵрсɵтүлдү. Дал ошол кайрымдуулуктун эң жакшы үлгүсүн кɵргɵзүп, акцияга активдүү катышкан лидерлерге 7-май күнү фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Ыраазычылык баракчаларын тапшыруу менен бул жасаган кайрымдуулук иштери, жаш лидерлердин мекенине, элине кайрымдуу болуп жетилишине түрткү болот деп ишенерин белгилеп, студенттердин иштерине ийгилик каалап кетти.
Добавить комментарий