Круглый стол
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун ѳкүлдѳрү 2015-жылдын 11 июнунда «Ак-Кеме» мейманканасында болуп ѳткѳн «Мамлекеттин саясий турмушундагы жаштардын демилгелерин колдоо жана алдыга жылдыруу» атту терегек столго катышып келишти.
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун Билим берүү борборунун директору – Аваз Казаков, жана проект менеджери Улукбек Аскарбеков Кыргызстандын «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын жаштары тарабынан уюштурулган «Мамлекеттин саясий турмушундагы жаштардын демилгелерин колдоо жана алдыга жылдыруу» атттуу терегек столго катышып келишти.
Аваз Казаков, ѳз кезегинде Фонд тууралуу кыскача маалымат берип жана Фонддун ийгиликтүү ишке ашып жаткан долбоорлору боюнча кененирээк токтолуп ѳттү.
Жыйынга Орусиянын алдыңкы партияларынын бири «Единая Россиянын» жаш депутаттары менен мүчөлөрү чакырылып, Евразиялык экономикалык шериктештиктин алкагында кызматташуу ниеттерин билдирген Меморандумга кол коюшту. Эми бул расмий документ партиялардын жаштарын гана эмес, мамлекеттердин ортосундагы жаштар демилгелерин алдылатып, орчундуу көйгөйлөрдү чечүүгө негиз болот. Жаштардын билим алуусун, саламаттыгын камсыздоо жана мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуудагы ролун жогорулатуу маселелери да Меморандумда каралган.
Иш чаранын катышуучуларына кызыктуу докладдар сунушталып, тажрыйба алмашуу менен багыттарын аныктап алышты.
Добавить комментарий