Кыргыз экономикалык университетинин студенттерине «Алга умтулуу» аттуу тренинги ѳтүлдү
2015-жылдын 27-январында, аталган долбоордун тренингтери ЖОЖдордун арасында алгачкылардан болуп Кыргыз экономикалык университетинин студенттерине «Алга умтулуу» аттуу тренинги ѳтүлдү
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 2014-жылдагы бүтүрүүчүлѳрү, алган билимдерин бѳлүшүү максатында «Агартуу лигасы-2015» долбоорун Бишкек шаарынын ЖОЖдоруна ишке ашыра башташты. Программада “Чечендик өнөр”, “Финансылык сабаттуулук”, “Убакытты туура пайдалануу”, “Бизнести пландаштыруу”, “Фандрайзинг”, “Ишкердик этикет”, “Чектелбеген жашоо», «Алга умтулуу» ж.б. тренингтер камтылган. Ар бир ЖОЖдо 8 тренинг өтүлүп, катышкан студенттерге долбоордун жыйынтыгында салтанаттуу түрдө сертификаттар тапшырылат.
2015-жылдын 27-январында, аталган долбоордун тренингтери ЖОЖдордун арасында алгачкылардан болуп Кыргыз экономикалык университетинин студенттерине «Алга умтулуу» аттуу тренинги ѳтүлдү. Катышуучлар маанилуу маалыматтарга ээ болуу менен бирге, кызыккан суроолоруна жооп да алганга улгурушуп, жыйынтыгында тренерлерге ыраазычылыгын билдиришти.
Бул тренингтер КЭУда 30-январга чейин ѳткѳрүлмѳкчү.
Тренингге катталуу жана кызыккан суроолор үчүн тел. 0772 051205.
Добавить комментарий