«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби
2014-жылдын 3-декабрында «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин окуучуларынын, жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) аткаруучу директору Руслан Акматбек менен жолугушуусу болду.
2014-жылдын 3-декабрында К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин окуучуларынын, жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) аткаруучу директору Руслан Акматбек менен жолугушуусу болду.
Аталган жолугушуу эркин форматта ɵтүп, ЖИАнын түптөлүшү, өнүгүүсү жана учурдагы алып барып жаткан иштери боюнча кеңири маек курулду.
Руслан Акматбек, студенттерге, бизнес баштоо, аны ɵнүктүрүү тууралуу кызыктуу сунуш-пикирлерин айтып, бардык суроолоруна чын дилинен, ачык жооп берип жатты.
Жолугушуунун аягында, активдүү катышкан студенттерге Руслан мырза белек тапшырып, жолугушууну уюштурган «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу жана «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин жаш лидерлерине ыраазычылыгын билдирип кетти.
Фото галерея
Добавить комментарий