«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби эми Ош шаарында
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабыловичтин демилгеси менен Ош шаарынын жаштарына «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинен акысыз кошумча билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу Ош шаарынын жаштары үчүн маанилүү «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби аттуу билим долбоорун баштап жатат. Бул долбоорго атайын Фонд тарабынан каражат бөлүнүп, билимдүү, жоопкерчиликтүү, өз алдынча өнүгө ала турган жаштарды жана болочок лидерлерди тарбиялоо максатында атайын профессионалдуу тренерлер жана лекторлор менен сүйлөшүлүп, азыркы мезгилдин талабына ылайык программа даярдалынды.
Коомдук мектептин программасы
Билдирме аркылуу тандалып алынган 120 балага 3-ноябрдан 1-декабрга чейин 1 ай аралыгында алдыңкы адис жана профессионалдуу тренерлерден мотивациялык, «Чечендик өнөр», «Убакытты туура пайдалануу», «Бизнес пландаштыруу», «Фандрайзинг», «Финансылык сабаттуулук» ж.б. тренингдер, профессионалдык семинарлар, мастер класстар жана бизнес компания, мамлекттик эмес уюмдарга, мамлекеттик органдарга экскурсия уюштуруу, ийгиликке жетишкен инсандар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн берүү программанын негизин түзөт.
Мектепке катталуунун шарттары:
Катышуучулар
· Коомдук мектепке 25 жашка чейинки ЖОЖдун студенттери, бүтүрүүчүлөрү жана башка жаштар конкурстук тандоонун негизинде катыша алышат.
· Ал эми студенттик кеңештин башчыларынын билдирмелери биринчи кезекте каралат.
Конкурска катышуу үчүн www.fpi.kg сайтынан, Долбоорлор – Кыргызстан жаш Элитасы – Коомдук мектеп – документти сунуштоо (http://www.fpi.kg/projects/youthapply/youth/obshchestvennaja-shkola ), билдирмени көчүрүп алуу деп, 29-октябрь 2014- жыл, саат 18:00гө чейин жөнөтүү зарыл.
Эскертүү: Төмөндөгү адрес аркылуу келип, билдирмени толтурууга да мүмкүн: ОшТУ, 2-корпус, 123-кабинет жана ОшМУнун магистратура департаменти, Ленин көчөсү №333, 101 кабинет 1-этаж.
Тандоо
1 этап: атайын билдирме формасын толтуруу жана электрондук формада www.fpi.kg сайтына, Долбоорлор – Кыргызстан жаш Элитасы – Коомдук мектеп бѳлүмүнѳ киргизүү же fpi.kg@mail.ru почтасына жөнөтүү.
2 этап: тандалган талапкерлер менен жолугушуу.
Талаптар
Окуусу ийгиликтүү, ар түрдүү программа, конкурс, проекттер жана коомдук акцияларга катышуусу, жеке жарандык позициясы, уюштуруучулук жана аналитикалык ой-жүгүртүүсү, инсандык сапаттарынын болушу сөзсүз эске алынат.
Мектептин бүтүрүүчүлөрү
Мектептин бүтүрүүчүсү иш-чара жана сабактарга активдүү катышкан, жакшы сунуш жана бааларга ээ болгон гана балдар болмокчу.
Аларга окуу курсунун аягында сертификаттар жана окуунун акырында жумуш менен камсыздоочулар тууралуу маалымат алып, жумуш рыногунун толук абалын көрүп, жаңы байланыштарга ээ болуп, иш-чараларды өткөрүү боюнча, жеке долбоорун жазуу боюнча, аларды ишке ашыруу боюнча кошумча билим алып, коллективдүү чечим кабыл алууга да билимге ээ болуп, конкуренттүү кадрлар болуп чыга келишет.
Мындан сырткары бүтүрүүчүлөр алган билимдерин бөлүшүү максатында ЖОЖдордун студенттерине жана мектеп окуучуларына тренинг өткөзүшөт.
Толук маалыматты Фонддун сайтынан www.fpi.kg, ошондой эле байланыш телефондору аркылуу ала аласыздар : 0312 690 547; 0703 061 210; 0772 051 205;.
Добавить комментарий