«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин үчүнчү жумасында
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин үчүнчү жумасы 13-октябрдан 17-октябрга чейин өзүнүн кызыктуу, унутулгус көз ирмемдерин эске калтырып өтүп кетти.
Убакыт учкан куштай зымырап, «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин үчүнчү жумасы 13-октябрдан 17-октябрга чейин өзүнүн кызыктуу, унутулгус көз ирмемдерин эске калтырып өтүп кетти. Бул жумада 4 топко тең «ВЛАГА Аудит» аудитордук фирманын директору Ермолина Тамара Васильевнанын «Иш кагаздарын жүргүзүү» аттуу темадагы лекциясы менен башталды. Экинчи күнү тренер Оразалиева Акима Султановнанын «Ишкердик этикет» аттуу тренинги коомдук метептин 100 студентинин кызыгуусун арттырды. Ар бири суроолорду беришип, көп баалуу маалыматты алууга умтулуп жатышты. Ал эми жуманын үчүнчү күнү өлкөбүздөгү белгилүү специалист, дизайнер, «Сулуулукту жаратуучулар күнү» фестивалынын автору Замира Молдошева менен чыгармачыл жолугушуу болду. Катар-катар тренингдерден кийин чыгармачыл жолугушуу баарыбыз үчүн пайдалуу болду. Андан кийинки тренинг Болокбаева Нуруйлянын «Резюменин толтуруу техникасы» болду. Бул тренинг келечек адистер үчүн эң бир баалуу болду. Жума экскурсиялар менен аякталды.
Тусунбеков Заман,
1-группанын студенти.
Добавить комментарий