«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи окуу курсуна лидерлер кабыл алынды
2014-жылдын 29-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин К.Тыныстанов атындагы конференц залында жаңы окууга өткөн лидерлер менен Фонд таанышуу максатында жолугушуу өткөздү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи окуу курсуна 22-сентябрга чейин келип түшкөн 800дөй билдирменин ичинен 100 мыкты лидерлерди тандап алды. 2014-жылдын 29-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин К.Тыныстанов атындагы конференц залында жаңы окууга өткөн лидерлер менен Фонд таанышуу максатында жолугушуу өткөздү. Бул жолугушууда коомдук мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү атайын программа даярдап, коомдук мектептен алган пайдалуу билимдери, иштери жөнүндө айтып беришти. Андан соң Фонддун негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабылович окуу курсунда өтүлгөн сабактарды жазуу максатында атайын Фонд тарабынан жасалган блокнотторду жаңы жаш лидерлерге тапшырды. Аларга окууларына ийгилик каалоо менен бул окуу курсу баарына чоң пайда алып келет деген ишенимин кошо айтты. Кезекте сөз Фонддун башкы мүдүрү Жумадилов Амангелди Жумадиловичке берилип, залда олтурган жаш лидерлердин жүрөгүнө дем-күч берүүчү сөздөрүнөн кийин окуу курсуна өткөндүктөрүн куттуктап өттү.
Фонд жаңы окуу курсуна кирген жаш лидерлер биринчи бүтүрүүчүлөрдөй ынтымакта болуп, окууну ийгиликтүү аяктоолорунан үмүттөнөт.
Добавить комментарий