«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин V агымынын салтанаттуу ачылышы болуп ѳттү
Урматтуу «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектептин V агымынын катышуучулары жаш лидерлердин катарына кош келиңиздер!
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду 2 жылдын аралыгында «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби долбоору алкагында 500 жаш лидерге кошумча билим берип, ийгиликтүү бүтүрдү. Учурда бүтүрүүчүлѳр алган билимдери менен бѳлүшүп келишүүдѳ жана коомдук, билим берүү процесстерине ийгиликтүү катышууда, айрымдары ѳз ишкерчилигин жүргүзүп, бир тобу чет мамлекеттерде билим алышууда.
Фонд жаштар үчүн дагы мүмкүнчүлүк түзүп, бул долбоорду улантууда. 2016-жылдын жазгы 3 айлык курсунун V агымына дагы 100 улан-кызды тандап алып, 5-март күнү Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин V агымынын салтанаттуу ачылышы болуп ѳттү. Алгач фонддун башкы директору Амангелди Жумадилов фонд тууралуу кыскача айтып берип, ѳз сѳзүнүн соңунда катышуучуларды куттуктап, окууларына ийгилик каалады. Андан соң, фонддун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбеков жаштар мамлекеттин келечек кадрлары болгондуктан, аларга кѳңүл бѳлүп, ар багыттагы билим берүү жана ар тараптан колдоо кѳргѳзүү керек экенин айтып, коомдук мектептин жаңы катышуучуларын куттуктоо менен, мындай мүмкүнчүлүктү кой бербей, 3 айдын аралыгында активдүү катышып, жакшы билим алып, келечекте алгач ѳзүңѳргѳ, кийин мамлекетке пайда алып келген лидерлерден болууларын каалоо менен, атайын коомдук мектептин блокнотторун ар бир катышуучуга ѳз колу менен тапшырды.
Урматтуу «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектептин V агымынын катышуучулары жаш лидерлердин катарына кош келиңиздер!
Добавить комментарий