Чунг Янг Ли профессорунун МУИТтеги лекциясы
2014-жылдын 26-мартында эл аралык эксперт, АКШлык доктор Чунг Янг Линин Бишкектеги компьютердик системалар жана технологиялар колледждеринин профессордук окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушуусу болду
2014-жылдын 26- мартында Эл аралык эксперт, АКШлык доктор Чунг Янг Ли, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин, Инновациялык технологиялар жана экономика, Бишкектеги компьютердик системалар жана технологиялар колледждеринин профессордук окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушуусу болду.
Жолугушууга Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабылович жана Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов, Гүлзат Майчинова жана университеттик комплекстин жетекчилери катышышты.
Доктор Чунг Янг Ли “Менин кыялымдагы Кыргызстан: туруктуу өнүгүүнүн экономикалык стратегиялык модели ” деген темада студенттерге кызыктуу лекция окуп, студенттердин суроолоруна жооп берди. Лекциянын жыйынтыгында окуу жай жетекчилиги тарабынан ыраазычылык айтылып, Кыргызстан жөнүндө китеп жана кыргыз оймолуу сайма белектер берилди.
Добавить комментарий