Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

МГУнин профессору Берлин Александр Давидовичтин лекциясы

2014ж 28-мартта Раззаков атындагы КМТУде “ХХI кылымдагы Бизнес – уюмдун формалары жана башкаруу маселелери” атту тема боюнча “Высшая школа экономики” УИУ, жана М.В. Ломоносов атындагы МГУнин профессору Берлин Александр Давидовичтин лекциясы өттү.

            Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабылович -  студенттер, экономисттер, мугалимдер жана башка кызыккан адамдарды бизнести уюштуруу боюнча заманбап концепциясы менен тааныштырып жана аларды бизнес маселелерге кызыктыруу максатында Москвадан белгилүү профессорду чакырды.

            Ардактуу конокту “Ак Дил – Политех” айкөлдүк командасынан, улуттук кийимдерди кийип, кыз-волонтерлор борсоктор менен тосуп алышты.  400 орундуу чоң зал  толуп, Александр Берлиндин лекциясына министрликтердин, бизнес-уюмдардын, финансылык жана коомдук уюдарынын өкүлдөрү, студенттер жана ЖОЖдордун мугалимдери катышышты. 

            КМТУнин ректору Дуйшеналиев Туратбек Болотбекович саламдашуу сөзүндө, университетке келген коноктор үчүн кубанычта болгонун айтып жана  Аскар Салымбековго ыраазычылык билдирди. Туратбек Болотбекович, коомдук ишмер жана меценат А. Салымбеков окуу жайды өнүктүрүү тууралуу пайдалуу кеңештерди берип, баалуу методикалык жардам көрсөтүп,  университеттин камкордук кеңешинин мүчөөсү болгонун айтты.

            Аскар Мааткабылович Салымбеков өз сөзүндө Прогрессивдүү Демилгелер Фонду “Кыргызстандын жаш лидерлери” долбоорунун ишке ашыруу алкагында МГУнин профессору Александр Давидович Берлиндин бул лекциясын уюуштуруп жаткандыгын белгиледи.  

            Александр Давидович лекциясын башында  Бишкекте конок эмес экендигин, себеби  “Российский Инвестиционный Банк” (Росинбанк) Акционердик коомунун Анан мүдүрлөр кеңешинин төрагасы болгонумдуктан, жыл сайын бир жылдык акционерлердин  чогулушуна келип турарын айтты.

            Профессор лекциясын: “ ХХI кылымдагы Бизнес: уюмдун формалары жана башкаруу маселелери” темасына арнады.   

            Лекцияда корпорациялардын пайда болуу жана өнүгүү тарыхынан кызык мисалдар жана фактылар берилди. Мисалы: Байыркы Грецияда, Байыркы Римде жана Кичи Азия мамлекеттеринде “жалган” (юридикалык) жак идеясы пайда болгон экен. А 1550чү жылы Орусияда  Индиядан Улуу Британияга өндүрүмдөрдү ташуучу “Маскөө соода уюму” , акционердик коом катары катталган экен. Профессор ”Бул компания эмнеге түзүлгөн?” деген суроого жооп берди -  океанда эки коркунучтары  (жаратылыш катаклизмдер жана пираттар) себебинен ушул компания түзүлгөн экен. Корпорациялардын орун алуу тарыхы -  саясий жана экономикалык шарттарга байланыштуу өзгөрүп келген. XX кылымдын экинчи бөлүгүндө бүткүл дүйнөдө  копорациялардын дүркүрөп өсүшү белгиленип, өзгөчө мезгил болгон. А. Берлин бул көрүнүштү да түшүндүрүп берди: ошол мезгил – көп убакыттуу тынчтык мезгили болуп, адамдар акчаны сактоо жана көбөйтүү инструменттерине муктаж болуптур.

           Лекция, фунаменталдык маалыматтарды бергенине карабастан, түшүнүүгө оңой болду. Профессор угармандардын көнүлүн үзбөй, кызык мисалдырды келтирип, күтүлбөгөн жана провокациялык суроолорду берип, лекцияны тамаша – күлкү кошуп өткөрдү. “Ар бир өлкөнүн эң чоң инвестициялык булагы эмне? Деген суроого угармандар ар кандай варианттагы жоопторду беришти. Жооп жөнөкөй экен – бул калктын чогулган акчасы экен.          Дүйнөдө ар бир өлкөнүн өкмөттүн зор маанилүү милдети – калк акчаны банкка салып көбөйтүү инвестициялык шарттарын жана туруктуу саясатын түзүү.

            Лектор корпорациянын маанилүү аспекттерин белгилеп кетти: жалданма профессионалдык менеджерлер, корпорациянын экономикалык фундаменти, корпорациянын социалдык фундаменти, копрорациянын катышуучулары,  компанияны эффективдүү башкаруу боюнча базардык механизми, башкаруу маселелери.

            Ушундай мазмундуу маалыматтан кийин, бардык угармандарга корпорациянын  эң туура аныктамасына кызыгышты. Профессор Берлин А.Д. пикири боюнча эң туура аныктама -  1819 жылы 17- февральда АКШнын Жогорку Соттун төр агасы берген: “Корпорация – бир коллективдик уюмга бириккен, өзүнчө бөлөк адамдарда жок, анык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон айрым кишилердин бирикмеси. Андан тышкары,корпорация өзүн чексиз жаңыртуу жана коллективдик добуш берүү менен мүчөлөрдүн тилектеринин негизинде аракет кылуу жөндөмдүүлүккө ээ.  Кыскача айтканда, корпорация –  бийлик менен укукка ээ болгон, реалдуу адам сыяктанып көрүнгөн, укук нормаларынын натыйжасында жашаган, жасалма организм”.

            Лекциянын аягында угармандар бир нече суроо берип, аларга Александр Берлин чын көңүлү менен мазмундуу жооп берди.

            Прогрессивдүү Демилгелер Фонду,  иш чараны уюштуруу жана өткөрүүгө жардам бергенине, Раззаков атындагы КМТУнин ректору Дуйшеналиев Туратбек Болотбековичке, жана тартип иштери боюнча КМТУнин проректору Белекова Гульмира  Шаршенбаевнага ыраазычылык билдирет.           

            Фонд  “Ак Дил – Политех” командасын, анын лидери Казаков Аваз, Алиев Рамазан, Омурканов  Барчын, Жанбеков Талант, Сидоров Нигин, Султаналиев Эрик, Аблабеков Таттыбу жана башкалырдын жакшы түзүлгөн ишине да ыраазычылык билдирет.  

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо