«V - Fund» Эл аралык кайрымдуулук Фонду “Ак Дил” айкөлдүк кыймылына кошулду.
«V - Fund» - бул толугу менен студенттер башкаруучу эл аралык, мамлекеттик эмес, саясий эмес, көз карандысыз уюм.
«V - Fund» волонтердук жана кайрымдуулук иштерди жасап, биздин өлкөдөгү көйгөйлөргө көңүлдү бүт коюп, алардын чечүү жолдорун табууга кумарданган жаштарды бириктирет.
«V - Fund» фондунун ишмердүүлүк чөйрөсүнө : улгайып калган адамдарга үй менен үйдүн короосун жыйнаштыруу жана тамак жасоого жардам берүү; тилдер, математика, тарых жана башка сабактарды шаар четтеринде жашаган жаш балдарга үйрөтүү; интернаттарда жашаган жетим балдарга, карылар үйүндө жашаган улгайып калган адамдарга жогорку деңгээлдеги татыктуу жашоону камсыздоого жардам берүү - сыяктуу иш-аракеттер кирет. Кошумча «V - Fund» фондунун волонтердук милдеттерине шаарды тазалоо иштери, ден соолуктуу жашоо түрүн пропагандалоо боюнча акцияларды уюштуруу иштери кирет.
Финансылык каражаттарды топтоо үчүн «V - Fund» фонду Эл аралык Ататүрк-Алатоо Университетинде жармаңке уюштурууда. Ал жармаңкеде Кыргызстандын көптөгөн улуттардын маданияттарын, тамак-аштарын көрсөтүп, ЖОЖдын студенттери катышышат. Ошондой эле жармаңке Кыргызстандагы улуттар арасында тынчтык, ынтымакты бекемдөөгө жол ачкан өнүктүрүү аянтчасы болуп эсептелет.
Фото галерея
Добавить комментарий