Международный день инвалидов
Бугун 3-декабрь 2014-жылы – Эл аралык майыптар күнүндө, «Прогрессивдуу Демилгелер Фонду» коомдук фондунун өкүлдөрү, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин доценти Г.Ш. Белекова менен биргеликте, Чүй областынын Москва районунун Петровка айылындагы жатак-мектебинде болушту.

Атайын жатак-мектептин окуучуларына арналган И.Раззаков атындагы КМТУнун «Менеджмент жана ТЧМА» кафедрасынын студенттеринин оз колдору менен жасалган ар түрдүү сувенирлери жана чогулткан кийимдери белек катары тапшырылды.
Жатак-мектептин балдарынын өз күчтөрү менен даярдалган майрамдык концерти өтүп, акырында балдар өз колдору менен жасаган чакан сувенирлерин конокторго белек кылышты.
Бул иш-чарага райондук администрациясынын өкүлдөрү катышып, Петровка айылындагы жатак-мектептин жетекчилигине балдарга арналган акча каражатын ыйгарышты.
Концерттин аягында аталган мектептин жетекчилиги жана балдары даярдаган майрамдык тамактан балдар, жана ошондой эле коноктор даам татып кетишти.
Проект-менеджер Турсуналиева Нуржана
Добавить комментарий