МУИТде Агартуу лигасы долбоору алкагында Мотивация жумалыгы жыйынтыкталды
Учурдан пайдаланып, Фонд аталган жогорку окуу жайдын жетекчилерине жана жаш тренерлерибизге ыраазычылык билдиребиз.
Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде "Агартуу лигасы" долбоору алкагында "Мотивация жумалыгы" жыйынтыкталды.
Бүгүн, 16-февраль күнү Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде аталган долбоордун ийгиликтүү катышуучуларына сертификаттар тапшырылды. Бул иш чарага фонддун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбеков, университеттин ректору Улугбек Бегалиев, колледждин директору Нурзат Манасовна жана фонддун башкы директору Амангелди Жумадилов катышты.
1 жумалык акысыз тренингге катышкан ийгиликтүү катышуучуларга Аскар Салымбеков сертификат тапшыруу менен окууларына ийгилик каалап, ар дайым алдыга умтулуп, талыкпастан кошумча билимдерди алууга үндѳп кетти.
Эскерте кетсек аталган долбоорду "Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин мыкты бүтүрүүчүлѳрү(жаш тренерлер) алып барышууда.
Учурдан пайдаланып, Фонд аталган жогорку окуу жайдын жетекчилерине жана жаш тренерлерибизге ыраазычылык билдиребиз.
Добавить комментарий