«АКЫЛ ТИРЕК» интеллектуалдык жарышынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Алгачкы экспертизадан 74 эмгек өтүп, алардын катарынан комплекстүү экспертизанын (атайын эксперттердин) элегинен алдыңкы сапка 12 иш, алардын авторлору, көмөктөш авторлору озуп чыгышты.
«АКЫЛ ТИРЕК»
интеллектуалдык жарышынын жыйынтыгы
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду бардык кызыгуучуларды жана илим менен эмгектенген инсандарды ЭКИНЧИ БүТКүЛ ДүЙНөЛүК КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН «АКЫЛ ТИРЕК» интеллектуалдык жарышынын жеңүүчүлөрүнө жана жаш окумуштууларга «Акыл Тирек» наамын ыйгаруу салтанатына 2014-жылдын 17-сентябрында саат 17:30га Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияга чакырат.
Жарыштын алкагында экономика, мамлекеттик башкаруу, социалдык долбоорлор жана илимий-техникалык ачылыштар тармагында пайдалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган 120 эмгек, илимий жана аналитикалык сунуш, долбоорлор кабыл алынды. Алгачкы экспертизадан 74 эмгек өтүп, алардын катарынан комплекстүү экспертизанын (атайын эксперттердин) элегинен алдыңкы сапка 12 иш, алардын авторлору, көмөктөш авторлору озуп чыгышты.
Ал эми Прогрессивдүү Демилгелер Фонду 2013-жылдан тартып атайын «Акыл Тирек» жаш окумуштуулардын өзгөчө илимий наамын негиздеп, салттуу түрдө жыл сайын коомдук абалды түп тамыры менен өзгөртүүнү максаттаган окумуштууларды моралдык жактан колдоп келет. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө, илимдин өсүшүнө, жаштардын илимге кызыгуусуна эбегейсиз салым кошуп келе жаткан 40 жашка чейинки акылмандарыбызга таазим кылуу менен, алардын ысымдарын «Акыл Тирек» китебине киргизүү ишин да улантып келүүдө. ЖОЖдордон, КРнын Улуттук илимдер академиясынан сунушталган жаш окумуштуулар, 75 номинанттын ысымы бул жылы китепке басылат
Билимди эмес, акылмандыкты изде демекчи, улуттук акыл казынабыз сөзсүз күч-кубатка жана кадыр-баркка ээ болуп, жыл сайын жарыш аркылуу табылган жаӊы инсандар бара-бара биримдикте мамлекетти акылдары, ак эмгектери менен көтөрөт деп ишенебиз.
Мекенбиз Кыргызстан өз акыл казынасына таянган, акыл тиректерин дайым өстүрүп келген мамлекет болуусу зарыл. Кылсак ишибиз бүтпөгөн күн кыскарат акыры демекчи Калыгул акындын айтканындай, урматтуу окурман, бүгүн өз акылмандарыбызды баалабасак жана колдобосок, өз акыл казынабыз кантип түптөлөт. Жаркын келечекти ким куруп, ким көрөт…
Жеӊүүчүлөрдүн ысымдары салтанатта гана билдирилет. Ошол себептен, коллегаларынызды, илимпоздорду колдоп кетииздер!!!
Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерге кайрылыӊыз: 0770 760176 – Тыныбекова Айзада Закировна.
Добавить комментарий