Нарын шаарындагы «Кел бөлүшөлү» долбоору жыйынтыкталды.
«Кел бөлүшөлү» долбоорунун салтанаттуу жабуу аземи болуп, аземде тренингтин катышуучуларына бир жумалык курстарга катышкандыгын күбөлөндүргөн сертификаттар тапшырылды.
2014-жылдын 10-ноябрынан 15-ноябрына чейин Нарын шаарынын жаш лидерлерине «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин тажрыйбалуу 7 бүтүрүүчү, жаш тренерлеринен “Кел бөлүшөлү” аттуу долбоордун 1 жумалык тренингтери жыйынтыкталды.
1 жумалык тренингдер бүткөн соң 15-ноябрь күнү 11:00-13:00гө чейин Нарын шаарынын ИИБ жана мэриясынын колдоосу менен «Дени сак улут, дени сак жаштар» акциясы өткөрүлдү. Нарын шаары 3 аймакка бөлүнүп, ар бир команданын башында жаш тренерлер жана укук коргоо органдарынын коштоосу менен бардык спирттик ичимдиктер сатыла турган дүкөндөрдү жана камокторду кыдырышып, 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктердин сатылганына салынуучу штраф жана акциянын маанилүүлүгүн түшүндүрүп берип жатышты.
Бардык сатуучулар акциянын максатын түшүнүү менен кабыл алышып, наклейкаларды илүүгө уруксат берип жатышты. Акцияга «Кел бөлүшөлү» долбоорунун катышуучулары да катышып, акциянын иштерин жоопкерчиликтүү аткарып жатышты.
Акциядан соң, «Кел бөлүшөлү» долбоорунун салтанаттуу жабуу аземи болуп, аземде тренингтин катышуучуларына бир жумалык курстарга катышкандыгын күбөлөндүргөн сертификаттар тапшырылды. Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун атынан бул долбоорго колдоо көрсөткөндүгү үчүн НМУнун ректоруна жана мугалимдерине, жаштар комитетинин төрагасына жана катышуучулардын активдүүлүгүн камсыздаган активистерге ыраазычылык каттары тапшырылды. Аземдин аягында тренингдин катышуучуларынан атайын даярдалган концерттик программа көрсөтүлүп, тренерлерге болгон ыраазычылык, каалоо-тилектерин билдиришти.
Добавить комментарий